Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапары 28-февралда өттү. Анын Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу Ала-Арча резиденциясында болуп, ал жакка журналисттер чакырылды. Кабарчыбыз Регина Им да иш-чараны тартканы барып, дээрлик эч кайда коё берилбеген журналист катары жолугушуу тууралуу айтып берди.
Текебаевди колдогон митингди 11 саат бою трансляция кылуудан кийин уйкумду кандырып алып мен эртең менен көйнөгүм менен шымымды аябай жакшы үтүктөдүм. Анткени редакцияда мага «олуттуу расмий дресс-код керек» деп айтышкан болчу.
Чогула турган жерге жакындап калганда алыстан эле беш-алты автобус көзүмө урунду. Мынча журналист кайдан? Барсам журналисттерге эки автобус берилиптир, ал эми чогулгандардын арасында жаңы адамдар деле жок экен.
Калган автобустар кимдики болду экен? Көрсө өздөрүнүн темир менен тордолгон автобустарын курчап алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн экен. Бүгүн өлкөдө эки маанилүү окуя болуп жатат: милиция кызматкерлеринин чогулушуна себеп болгон оппозициянын митинги, анан бизди чогулткан Путиндин иш сапары.
Резиденцияга бараткан жолдо автобустун сол жагында электр мамыларына шашылыш, чала-була орнотулган эки өлкөнүн туулары көзгө урунат. Журналисттер орус президентинин иш сапарынан башканын баарын кеп кылып келатышат: жанда жок кайдыгерлик кесипкөйлүктүн белгисиндей.
Жанымда отурган кесиптештерим 98 жана 92-бензиндин айырмасын сүйлөшкүчөктү, мен президенттер Бишкектеги жол кырсыгына жана кыргызстандыктын өлүмүнө күнөөкөр болгон орус дипломаты же Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча сүйлөшүүлөр кантип жүрүп жатканы тууралуу суроолорума кантип жооп бермек деп элестетип бараткам.
Орусиялык журналисттерден айырмаланып бизди резиденциянын «кошумча кире беришине» алып келишти. Коюу баткакты басып өтүүгө бизге таштардын кичинекей аралчалары жана тоборсуган жер жардам берди. КПП №5ке барганга башка жол жок болчу. Бир таштан кийинкисине секирип жатканда биринчи эле ойго келгени — бут кийимди булгап албай, «расмий көрүнүшүбүздү» бузуп албаш керек болду.
Журналисттер чоң терезелерден улам «айнек» деп атап койгон басма сөз жыйыны өтө турган залда аскердик орекстрлердин эки өлкөнүн гимндерине даярдыгынын көңүл кош үнү угулуп жатты. Тажрыйбалуу журналисттер: «Эмнегедир эзилип, жансыз аткарып жатышат» деген ойлорун айтышты.
Залга кирип, иш-чаранын программасы менен тааныштык. Эң соңунда басма сөз менен баарлашуу үчүн 20 мүнөт бөлүнүптүр. Суроолорду эки «Биринчи канал» узатат окшойт. Мындан улам президенттерден дипломаттын катышуусу менен болгон жол кырсыгы жана ГЭС боюнча суроолорго жооп алам деген үмүтүм өчүп калды.
― Саламдашуу жана кол алышуу салтанаттарын тартып алганга болобу? — президенттин басма сөз борборунан кызыгып сурап көрдүм.
― Биз тизме түзүп жатабыз, — басма сөз борборунун олуттуу көрүнгөн кызматкери жактырбагандай жооп берди.
Путиндин учагынын кармалып калганына байланыштуу журналисттердин нааразылыгын көз жоосун алган жылтырак алтын кагазга оролгон канттар менен алтын куйма сымал шоколаддары бар чай тыным басып койду.
Ошентип, тар чөйрөдөгү жолугушууга киргенге уруксат берилген журналисттердин фамилиялары жарыяланды. Алар «Аксакалдар» залына барышты. Биз ал тизмеге башка журналисттердей эле киргизилбептирбиз. Ошондуктан фронтко кеткен аскердин жубайындай болуп, тизмеге кирбей калган журналисттер үмүт менен президенттердин келишин терезеден карап олтурдук.
Расмий жолугушуунун башталганы жөнүндө кабар берген гимндер жаңырды. Журналисттер терезеге жабылып калышты. Президенттерди көзү менен узаткандан кийин баары кайра ордуна отурушту.
Басма сөз борборунун катаал кызматкери кабарлады: «Журналист жолдоштор, кеңири курамдагы жолугушууну протоколдук сүрөткө тартууга чакырам». Баары өз орундарына турушту. Мен операторлордун катарына киргенге үлгүрүп, айфонго тартайын деп калдым.
— Чоң кыз, жазып жаткан журналисттердин арасында олтуруңузчу, — деп басма сөз кызматынын сурданган кызматкери мага кайрылып калды.
— Бирок мен сүрөткө тартышым керек, ― жооп бердим.
— А сиз орусиялык журналистсизби, же биздикиби?
— Кыргызстандык.
— Анда сизге телефонго тартканга болбойт.
— Эмне үчүн?
— Биздикилерге тыюу салабыз жана аккредитация учурунда да бул тууралуу эскерткенбиз.
— Эми эмне, көгүчкөн аркылуу маалымат жөнөтөйүнбү?
Кесиптештер кыткылыктап калышты.
— Биз кесипкөй камера менен тартканга уруксат беребиз.
Коопсуздук кызматкерлеринин бири маекке кошула кетти:
— Сиз азыр өзүңүздүн телефонуңуздан түз эфирге тартып чыгарып коюшуңуз мүмкүн да, ошондуктан тартпаңыз, өтүнүч, — деди ал.
— Башкача айтканда, мени түз эфирге чыгып кетет деп телефонго тартканга уруксат бербей жатасызбы?
— Ооба, түз эфирге тартканга болбойт, — жооп берди кызарган коопсуздук кызматкери.
Протоколдук сүрөт тарткандан кийин басма сөз жыйыны өткөн залда операторлордун бири мага келип, баш ийиш керек болгон эрежелер бар экенин түшүндүрө баштады: телефонго тартканга болбойт деп айтылдыбы — демек болбойт, дресс-код деп айтылса — демек аткарыш керек.
— Мына бүгүн сиз жалаң ич кийимчен келген жоксуз да! ― деген жүйө келтирди ал.
Чын эле, ботом, кийимим ал айткандан көбүрөөк эле болчу, ошондуктан мен экинчи эрежени да бузбайын деп телефонду алып койдум.
Суроо берүүгө КТРКнин журналистине уруксат берилээрин сезип, жазмакерлер тамаша иретинде жалпы суроо бербейлиби деп сурап киришти, башкача айтканда баарына кызыктуу тема тандап алышкысы келди окшойт.
«Бирок, бай болгур, жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу сурай көрбө! — деди күлүп журналисттердин бири КТРКнын кабарчысына. — Бул өңдүү жолугушуулардагы мындай суроолорго мыйзам чегинде тыюу салыш керек эле болуп калды».
Операторлор менен сүрөтчүлөр президиумдун алдында тизиле баштады. Залда штативдердин чыкылдаганы угулат. Менин алдымда жүргөн «Спутниктин» сүрөтчүсүнүн объективи ушунчалык чоң болгондуктан «камеранын кесипкөйлүгүнө» эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес эле.
Биздин редакция эки президенттин жолугушуусунун тексттик трансляциясын алып барып жаткан, мен хроникага улам жаңы кабар жөнөтүп турмакмын. Бирок резиденцияда интернет айрыкча президент сүйлөп жаткан учурда кайсы бир сыйкырдуу күчтүн таасири менен жоголо берээрин түшүндүм.
Интернет өчүп калгыча сайтка кирип, тексттик трансляцияны ачып, Бишкектин борборундагы кесиптештерим резиденцияда болуп жаткан нерселер тууралуу окуя болуп жаткан жерде кабарчылык кылган мага караганда алда канча көбүрөөк билип жатышканын түшүндүм.
«[Орусиянын] "Russia Today" басылмасы видеотрансляция жүргүзүп жатат, биз ага өзүбүздүкүн кошуп койдук», — деп сооротту мени редактор.
Эмне демек элем, окуяларды «Russia Today» аркылуу билип жаткан «Клооп» аркылуу билип турам да. Кыязы, түз трансляция жүргүзгөнгө кыргыз журналисттерине гана тыюу салынса керек.
Президенттер залга кирип, артынан жолугушуунун башка катышуучулары ээрчип киришти. Тараптар биргелешкен документтерге кол коюшуп, андан кийин Атамбаев менен Путин президиумга отуруп, алып баруучу ар бир тараптан экиден суроого уруксат берилээрин жарыялады.
[Бул жерде суроолор менен жооптордун сүрөттөмөсү болушу керек эле, бирок Колесниковду окуганымдан кийин мен эмне жазсам деле баары бок-сактай көрүнүп жатат]
Орусиянын Биринчи каналы, КТРК менен АКИпресс суроо берип, аларга жооп узатылды. Орусиялык журналисттер Атамбаевдин бар-жогун деле байкашкан жок окшойт, ал ошондуктан өзү тууралуу башка бирөө жөнүндө айткансып айта баштады.
Жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу сурабагыла деген өтүнүчтөр аткарылды. Кыргыз журналисттери Орусиянын аскердик базасы, бийликти өткөрүп берүү маселеси жана Текебаевдин камалышы тууралуу суроо берип жатышты. Орусиялык журналисттерди болсо Орусиянын Белоруссия менен болгон мамилеси, ЕАЭБдеги өз ара жакындашуу жана Сирия көбүрөөк кызыктырды.
Суроолорго жооп берип бүтүп, президенттер залдан чыгып кетишти да, журналисттердин көпчүлүгү таң калган бойдон калды: суроо бердиришкен жок, түзүгүрөөк тамак берилген жок. Резиденцияда өткөн беш саат ичинде президенттердин жолугушуусун тартууга 20 мүнөтчө эле убакыт кетти.
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаары менен кыргыз журналисттери автобустарга жөнөштү. «Комсомольская правдадан» келген кесиптешим мурда күтүлгөн эле суроолор берилгенине кейиди. Мен анын эки суроосу болсо эмнени сурамак болгонуна кызыктым.
— Эми биринчи иретте орус дипломатына байланышкан кырдаал жана балким Жогорку Нарын ГЭСтери жөнүндө уккан кызыктуу болмок болуш керек.
Кайра келатканда электр мамыларындагы зымдар эми оң жактан көрүндү, кесиптештер болсо Бишкекте кеңсеге тыгынсыз барып келгенге ыңгайлуу жерлерди талкуулап жатышты.
Журналисттер чогулган жерде кайра эле милициянын автобустары, алардын тегерегинде болсо зериккен милиция кызматкерлери турду.
Сүрөт: Эдил Байызбеков, Султан Досалиев
ТЕМА БОЮНЧА:
- «Боинг-747нин» кыйрашы: кырсыктан кийинки алгачкы 12 саат
- Балыкчыдагы зордуктоо кандай болгон? Жабыркаган аялдын жана айыпталуучунун версиялары