«Cлоники» паркы эмне болоорун сот чечет. Азырынча ал жерде эч нерсе курууга болбойт

Сот Бишкек шаардык прокуратурасынын өтүнүч каты боюнча мэрия менен териштирүү бүткүчө мамлекеттик органдарга «Слоники» скверинде имарат салууга байланышкан кандайдыр документтерди макулдашууга жана берүүгө тыюу салды.

Бишкек шаардык прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, «Слоники» жайгашкан жер участогу чын эле курулуш компаниясына Бишкек мэриясынын в 2005-жылдагы токтому менен бөлүнүп берилгенин аныктады.

Бирок, прокуратуранын маалыматы боюнча, токтом жер мыйзамдарын бузуу менен чыгарылган.

Көрсө жер участогу ыйгарым укуктуу органдардын уруксаты жок бөлүнгөн болуп чыкты. Прокуратура сотко кайрылып, курулушчуга берилген уруксат кагаздарын жараксыз деп таанууну өтүндү.

Сот бул участокту эч нерсе кылганга болбойт деген прокуратуранын өтүнүч катын канааттандырды. Башкача айтканда, курулуш ээси «Слониктер» турган жерде курулуш баштап же жаныбарлардын бетон айкелдерин башка жерге которо албайт.

Сот Бишкекбашкыархитектурага, Мамкаттоого жана Мамэкотехинспекцияга бул участок менен байланышкан кандайдыр документтерди макулдашууга жана берүүгө тыюу салды.

Мындан тышкары, сквер-парктын аймагында курулуш компаниясынын табыштоосу менен бактарды мыйзамсыз кыйып салган «Зеленстройдун» кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду.

Сквер-парктын аймагында курулуш жүргүзүүгө уруксат берүү же тыюу салуу маселесин Бишкек район аралык соту 14-мартта карайт.

«Слоники» парк-сквери анын жанындагы үйлөрдүн тургундары 2017-жылы январда митингге чыккан соң коомчулуктун назарына урунган.

Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган бишкектиктер, жаныбарлардын бетон айкелдери менен кооздолгон скверди коргоп чыгышкан.

«TS-Group» курулуш компаниясы парктын ордуна көп кабаттуу имарат кургусу келген.

Жергиликтүү тургундардын митингдерине ЖМК, Бишкек мэриясы жана прокуратура кызыга баштаган. Курулуш ээсине парк-сквердин ордунда курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бирок 15-февралда парк-скверде жакынкы волейбол аянтчасын бузуу иштери башталган. Буга курулуш компаниясынын уруксат кагаздары бар болуп чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: