Кыргызстандык аял кызы менен Москвадагы аэропортто жашап жатат

Өзүн “кыргызстандыкмын” деп тааныштырган 52 жаштагы Гүлкан Москванын Шереметьево аэропортунда үч айдан ашык убакыттан бери жашап келет. Жанында өспүрүм кызы бар.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Аэропорттун D терминалындагы отургучтарды бириктирип алып, түйүнчүктөрү менен күнү-түнү ошол жерде тамактанып, конуп-түнөп жүргөн эне-баланы аэропортко жүргүнчү ташыган кыргызстандык айдоочулар байкап калган. Алардын бири Курсант эне-балага бир айдан бери көз салып жүрөт:

- Ишке бир ай мурда чыктым. Жүргүнчү тосуп келип, чогуу иштеген балдар менен сүйлөшүп тургам. “Тигилерди кара, лөлүлөр” деп калышты. Алар көрсөткөн тарапка карасам эне-бала экен. Жакшылап абай салсам кыргыздарга окшош. Тигилердин көзүнчө унчукпай эле калдым. Анан чыдабай басып барып, “эже, кандайсыз, кыргызсызбы?” деп сурадым. “Ооба, үкөм” деп жооп берди. Оштон экен. Ошондон бери буларга кандай жардам көрсөтүүнү билбейм. Кичине тыйын карматып, билет алып берейин десем, “кетпейбиз” дешет. Балдардын кээ бири “үч айдан бери жашайт" десе, кээ бири жарым жыл болгонун айтты.

Жашы элүүдөн ашкан, үстү-башы жүдөө аялды аэропорттун биринчи кабатынан таптык. Темир отургучка кийим-кечелерин төшөп алып, уктап жаткан экен. Өзүн Гүлкан деп тааныштырды. Ноокат районунун Көк-Бел айылынан келгенин айтты. Жанында башынан-бутуна чейин карага чүмкөнгөн 17 жаштагы кыз бар. Анын аты Улара экен.

Гүлкан Далер Юнусов аттуу Тажикстандын жаранына акчасын алдырып, эми полиция кызматкерлерине үмүт артып жүргөнүн жашырган жок.

- Москвада иштеп 150 миң рубл акча топтогонбуз. Анан Ошко кайтканбыз. Кызым Одноклассникиден бир бала менен сүйлөшүп, ал акча сураса берем дептир. Анан ал Ошко учуп барып, "Сбербанк" карточкабызды алып кетти. Бул августта болгон. Артынан дароо келе албай, кийин издеп келдик. Полицияга арыз жаздык, элчиликке бардык. Полицияга баланын аты-жөнүн, паспортунун көчүрмөсүн бергенбиз. Алар кылмыш иши козголду дешкен. Эми кызым менен күтүп жүрөбүз, ал ууру кармалса, акчабызды кайтарып берсе, үйгө кетебиз деп.

Гүлкандын Орусияда иштеген баласы бар, Кыргызстандагы туугандары дагы анын абалы тууралуу кабардар.

- Кыргызстандагы туугандарым абалыбызды билет. Билгенде эмне?! Ар кимдин өз бүлөсү, өз коломтосу бар экен. Өзүм жесир аялмын. Кызымдан башка уулум бар. Ал дагы Орусияда иштейт. Тамак-ашыбызга акча салып турат. Ошого нан, чай алып жашап жатабыз. Балам уста, жалданып иштейт, туруктуу жумушу жок. “Бизди алып кет, бак” деп кантип айтам, шарты болбогондон кийин?!

Гүлкандын айтымында, аэропорттун кызматкерлери менен тартип сакчылары тарабынан аларга эч кандай доомат болбогон. Аэропортто жашоого керектүү даараткана, кафелер бар. Эне менен кыз анда-санда Москвага барып жалданып иштеп келет, тыйын жагынан жардам берген мекендештер да жок эмес.

- Кызымды жашына байланыштуу эч жакка жумушка албайт. Мен өзүм кайда иштейм?! Ушул аэропортто жашоо – биздин каалообуз эмес. Үйгө кетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Бирок акчаны алмайынча эч жакка жылбайбыз.

Аэропортко жүргүнчү ташып иштеген кыргызстандык айдоочулар биригип, эне-балага билет алып берип, Кыргызстанга кетүүнү сунушташкан. Алар мекендештердин жардамынан баш тартып, дале болсо карызын кайтарып алууну үмүт кылышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: