«Азаттык» менен «Заноза» Атамбаевдин «ар-намысына шек келтиргени үчүн» сотко чакырылды

Башкы прокуратура. Иллюстративдик сүрөт

Президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирүү боюнча доонун алкагында төрт жоопкер бар. «Ата Мекендин» эки юристи жана «Заноза» менен «Азаттык» интернет басылмалары «жалган» маалымат таратышкан деп айыпталып жатышат.

«Заноза» басылмасынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, алар доо жөнүндө соттон телефон чалышкандан кийин билишкен.

Маслова басылма оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынынан алынган маалымат басылгандан кийин сотко берилгенин айтты.

«Занозанын» башкы редактору Дина Маслова.

«Биз басма сөз жыйынында болгон эмеспиз. Ошол жакта болгон ЖМКлардын ичинен эки эле сайтты күнөөлөп чыгышканы таң калтырат», — деди ал.

Маслова Башкы прокуратуранын ЖМКга койгон башкы талабы — «Ата Мекендин» юристтери берген документтер тууралуу макалаларга бөгөт коюу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, доочулар Атамбаев тартты деген материалдык зыяндын ордун төлөп берүүнү талап кылган.

Алар оппозициячыл партиянын юристтеринен 10 миллион сом төлөп берүүнү талап кылышууда, ушундай эле сумманы «Азаттык» үналгысы да төлөп бериши керек. «Занозадан» үч миллион сом талап кылышкан.

«Азаттык» азырынча бул окуяга комментарий бере элек.

Жоопкерлердин арасында башка ЖМК жок. Басма сөз жыйыны өткөрүлгөн «АКИpress» маалымат агенттиги бул иште күбө катары өтүп жатат.

Сот жыйыны Октябрь райондук сотунда 16-мартта болот. Сотто «Заноза» медиакомпаниясына «Медиа Полиси Институту» коомдук фонду өкүлчүлүк кылат.

«Ата Мекендин» юристтери берген документтер.

«Ата Мекендин» юристтери 1-марттагы басма сөз жыйынында Түркиянын атайын кызматынан алынды деген катты таратышкан.

Текебаевдин адвокаты: Оппозициячы «Боинг-747нин» кыйрашы боюнча иликтөөсү үчүн камакка алынган

Алар бул кат кыйраган учакта президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык жүк болгонун далилдей тургандыгын айтышкан.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бул документтердин «жасалма» экенин айтып, анын өлкөсүндө атайын кызматтар антип иштешпей турганын билдирген.

УКМК бул документтерди «акылга сыйбаган нерсе» деп атап, ал эми президенттин аппараты мындай жалган билдирүүлөр аркылуу юристтер «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жүргүзүлүп жаткан «тергөөгө басым көрсөтүүгө» аракеттенип жатышканын билдирген.

Жүк ташуучу «Боинг-747» «Манас» аба майданынын жанындагы Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөндө 39 киши курман болгон.

Кулап түшкөн учактагы жүктүн бир бөлүгү чын эле Кыргызстанга багышталган, бирок, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, «Боинг-747» кулап түшкөн күнү «Манас» аба майданында жүк түшүрмөк эмес.

«USB-оттуктардан» турган жүк өлкөгө Стамбулдагы аба майданынан келмек.


ТЕМА БОЮНЧА: