Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Занозага» каршы экинчи доо арыз берди

Башкы прокурор Индира Жолдубаева «Заноза» жана «Азаттык» маалымат каражаттарына каршы дагы бир доо арыз берди. Доого оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барганы тууралуу сөздөрү себеп болгон.

Түркиянын «Haberler» маалымат каражатында Өмүрбек Текебаев бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушканы тууралуу макала жарык көргөн. «Азаттык» жана «Заноза» порталдары «Haberlerде» чыккан макаланы которуп өз сайттарына чыгарышкан.

Ошондой эле, алар оппозициячы Өмүрбек Текебаевден комментарий алып, ал Бакиев менен жолугушканын жокко чыгарган.

Текебаев комментарий берген жаңылык бул эки ЖМКнын сайтынан доочуун талабы менен алынып салынган. Ошондуктан Текебаевдин кайсы сөздөрү доого себеп болгону түшүнүксүз.

Доо арызда Текебаев тараткан маалымат чындыкка жатпай тургандыгы жана өлкө президентинин ар-намысына доо кетирүүгө багытталганы айтылат.

«Ошондой эле Кипрдин офшорлорундагы президенттин мүлкү тууралуу "Azattyk.org" интернет-сайтындагы материалдар жана макалалар чындыкка туура келбей тургандыгы аныкталды. Материалдардын бирден-бир максаты — мамлекет башчысы жаманатты кылуу», — деп жазылат документте.

Арызда «Заноза» басылмасы Атамбаевди эл алдында жаман көрсөтүш үчүн атайын эле тексттерди редакциялаганы айтылат.

«www.zanoza.kg интернет-сайтындагы жогоруда көрсөтүлгөн макалалар боюнча доо коюш үчүн негиз бар экени аныкталган, ал жерде Текебаев айткан маалыматтарды таркатууда мамлекет башчысын окурмандарга жаман көрсөтүш үчүн текстти атайылап максаттуу редакциялоого жана берүүгө жол берилген […]», — деп айтылат арызда.

Башкы прокуратура президент тартты деп эсептеген моралдык зыян үчүн «Занозадан» үч миллион сом жана «Азаттыктан» он миллион сом компенсация талап кылууда.

«Азаттык» менен «Заноза» Атамбаевдин «ар-намысына шек келтиргени үчүн» сотко чакырылды

Бул иш боюнча процесс Ленин райондук сотунда 15-мартта болот.

Бул ушул басылмаларга каршы Башкы прокуратура берген экинчи доо арыз.

Биринчи доо арыздын берилишине «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин «АКИпресс» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынынан алынган кабарлар себеп болгон.

Юристтер Бишкектин жанында кулаган «Боинг-747деги» жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык болгонун билдиришкен.

Бил иш боюнча жоопкер катары оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын эки юристи өтөт.

Жоопкерлердин арасында башка ЖМК жок. Басма сөз жыйыны өткөн «АКИpress» маалымат агенттиги иш боюнча үчүнчү жак катары өтүүдө.

Бул иш боюнча угуу Бишкектин Октябрь райондук сотунда 16-мартта өтөт. Сотто «Занозага» «Медиа Полиси Институту» коомдук фонду өкүл болот.


ТЕМА БОЮНЧА: