Белорус ЖМКсы: Бакиевдин Минсктеги жаңы үйүнүн көрүнүшү кандай?

TUT.BY белорус порталы Кыргызстандан куулган президент Курманбек Бакиевдин Минскте жаңы салды делген үйү тууралуу макала жарыялады. «Азаттык» үналгысына курган маегинде Бакиев жаңы үйүнө көчүп кирейин деп жатканын айткан болчу.

«Азаттык» үналгысынын белорус кызматына курган мегинде Кыргызстандын мурдагы президенти Бакиев Минскте беш жылдан бери салып жаткан үйүнө жаз мезгилинде көчүп кирүүнү пландап жатканын айткан.

Курманбек Бакиевдики делген үй.

Кыргызстандын мурдагы президентинин үй салып жатканы жөнүндө маалымат белорус ЖМКсында 2013-жылы эле пайда болгон. Журналисттер кабарлашкандай, курулуп жаткан үй Лебяжий деп аталган элиталык райондун Мястров көчөсүндө жайгашкан.

Мястров көчөсү «банкирлердин көчөсү» катары да таанымал. Анда белорус ишкерлеринин, аткаминерлеринин жана спортчуларынын үйлөрү жайгашкан. Жергиликтүү тургундар ал жерден кыргыз саясатчысын бир нече жолу көргөнүн айтышкан.

Үй бийик тосмо менен курчалган.

Хан сарай 2015-жылы курулуп бүтүп, ичинде жасалгалоо иштери жүрүп келген. Азыр үй дубал менен тосулган.

Kloop.kg TUT.BY белорус басылмасы менен байланышка чыкты. Белорус журналисттеринин айтымында, аларда Лебяжий кичи районундагы үйдүн Бакиевге таандык экени тууралуу кыйыр далилдер бар.

Үйдү Кыргызстандын жаратылышы тартылган сүрөт кооздоп турат.

Мисалы, бул үйдүн дубалына тартылган сүрөттү алалы. Ушул эле сүрөт Бакиевдин «Оорум, сүйүүм жана үмүтүм: Менин Кыргызстаным» китебинин мукабасында да бар.

Куруучулар прессага комментарий беришпейт, анткени бул аларга тыюу салынган. Хан сарайдын ээсин алар өз ара «ата» деп коюшат.

Курулуш иштери бүткөн үй.

Бакиев жана анын үйү тууралуу бул маалымат TUT.BY белорус басылмасынын биринчи материалы эмес.

«2010-жылда революция болду деп айтканга болбойт»: Курманбек Бакиев «Азаттык үналгысынын» эфиринде эмнелерди айтты?

Буга чейин 2016-жылдын ноябрында белорус ЖМКсы Бакиев жана анын уулдары биотехнологиялык корпорациянын акцияларына миллиарддык көлөмдөгү инвестиция салганы тууралуу кабарлашкан. Ал эми 2017-жылдын мартында «Азаттыкка» курган маегинде Бакиев бул маалыматты четке кагып, бирок «ушактар жөн эле чыга бербейт» деп айткан.

2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев Беларуска качып кеткен. Ал биринчи президенттик «Плавно» резиденциясында жашап, кийин Минсктин «Дрозды» элиталык районуна көчүп кеткен.

Анын чоң уулу Марат Беларустун элиталык Раубачи кыштагында турат, ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгындагы беш миллион доллардык үйдө жашайт.

Минскте Курманбек Бакиевдин расмий жубайы Татьяна да убактылуу жашап турган, бирок кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. Анын кайда экени белгисиз.

Минскте Бакиев Назгүл Төлөмүшева менен жашайт. Алардын эки баласы бар.

Жаңы үйдү Бакиев өзүнүн «жаш» үй-бүлөсү: жарандык жубайы Назгүл Төлөмүшева жана эки мектеп курагындагы баласы үчүн салган.

Расмий маалыматтар боюнча, Назгүл үй-бүлөнү акча таап багып келет. Ал белорус президентинин иш башкармалыгына таандык болгон «Минск» мейманканасынын директору болуп иштейт.

Бакиев Белоруска киргенден бери жумушсуз болуп эсептелгени менен, бирок ал «Азаттык» үналгысына курган маегинде кеңешчи болуп иштээрин айткан.

Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция учурунда демонстранттарга карата ок чыгарганы үчүн жана кызматтык ыйгарым укуктарын аша чаап кеткени боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин бул өкүм 2016-жылдын 29-июлунда 30 жыл абак жазасына алмаштырылган.

Бакиевдин уулдарына да сыртынан абак жазасына өкүм чыгарылган, Максимге — 30 жыл, Маратка 22 жыл берилген.

Сүрөт: TUT.BY


ТЕМА БОЮНЧА: