Нарын: Жүк ташуучулар Кытайдын тенттелген унааларга тыюу салышына байланыштуу митингге чыгышты

Нарында 200дөй адам тынчтык митингине чыгышты. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бийликтен Кытайга тенттелген унаалардын тыюу салынышына байланыштуу маселени чечип берүүнү талап кылышты.

Митингичилер өкмөттөн комиссия түзүп, Кытайга кирүүгө тыюу салынган тенттелген жүк унаалар маселесин чечип берүүнү талап кылышты.

Айдоочулар профсоюзунун өкүлү Максатбек Дүйшекеев Kloop.kgге айткандай, Кытай жүк ташуу боюнча эл аралык келишимди бузуп, бул тууралуу Кыргызстанды эскерткен эмес.

Митингге чыккандар өкмөттөн бул маселени 15-мартка чейин чечип берүүнү талап кылышты.

«Эгерде маселе айтылган мөөнөткө чейин чечилбесе, анда тынчтык митингибизди улантмакчыбыз», — деди Дүйшекеев.

Айдоочу Оморбек Кулунчаковдун айтымында, кытай тараптын талабын аткаруу оор. Анткени тенттин ордуна контейнерлерди орнотуш үчүн кайрадан каттоодон өтүп, мамлекеттик номерди өзгөртүп, жаңы техпаспорт алыш керек. Анын айтымында, мунун баары кымбатка турат.

Митингге чыккандар менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жолугушуп, премьер-министрге бул маселени жеткиргенин айткан. Анын айтымында, бул маселе менен транспорт жана тышкы иштер министрликтери алектенишет.

Тенттелген жүк ташуучу автоунаалардын киришине Кытай тыюу салганына Кыргызстан нааразы

Тенттелген жүк ташуучу унааларга тыюу салынганына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрмө бекетинде 2017-жылдын 27-февралында чоң унаа тыгыны пайда болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын бийлиги унааларда контейнерлер орнотулушун талап кылууда. Мындан улам кыргыз жүк ташуучулары Кытайдын аймагына кире албай жатышат.

Кыргызстандан Кытайга жүк ташыган кыргыз айдоочуларынын көпчүлүгүнүн унаалары тент менен жабылган.

Бирок контейнер орнотулган унаанын салмагы ого бетер оор болуп калгандыктан айдоочуларда чек арадагы салмак чектөөсүнө байланыштуу маселе жаралышы мүмкүн.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга ылайык, мындай тыюулар салынбашы керек. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын бийлигине тенттелген унааларга эмне үчүн тыюу салынганын түшүндүрүп беришин талап кылган кат жолдогон.


ТЕМА БОЮНЧА: