Милиционерлер менен КТРКнын журналисти рейд учурунда сабалды

Патрулдук милиция кызматкерлери менен журналистти Чүй облусунун Орок айылындагы көрүстөндүн жанында сабап кетишкен. Кол салган сегиз адамдын экөөсү кармалган.

КТРКнын журналисти Темирлан Сейитбек уулу Партулдук милиция башкармалыгынын (ПМБ) ар күнү өткөн рейдинде жүргөн.

10унан 11-мартка караган түнү ПМБнын эки кызматкери менен журналист ВАЗ-2106 «Жигулинин» айдоочусу эреже бузганына күбө болушкан.

Айдоочу милициянын буйругуна баш ийбей, андан кийин ПМБнын кызматкерлери айдоочунун артынан түшүп атайын машиналар менен барууга мажбур болушкан.

Жол эрежесин бузган айдоочу Орок айылындагы көрүстөндүн жанында токтогон. Автомобилде эки эркек киши жана бир аял болгон. Айдоочу болсо мас абалда болгон.

Аларды кармайын деп жатышканда ошол айланадагы үйлөрдөн алды адам чыгып, милиция кызматкерин жана журналистти сабап, видео жабдыктарга зыян келтиришкен.

Милициянын кошумча көмөгү барганга чейин уруп-сабоо 15 мүнөткө созулган. Абага эскертүүчү ок чыгарылгандан кийин токмоктоп жаткандар ар кайсы жакка качып, алардын ичинен экөө кармалган.

Ур-тепкиге алгандардын жашы 25-30дун тегерегинде.

Журналисттин башына такта менен ургандыктан мээси чайкалып, көгөргөн жерлери бар. ПМБнын кызматкерлери канчалык деңгээлде жаракат алганы азырынча белгисиз.

Журналист сабоо учурун видеого тартып алганга үлгүргөн. Камерага тартылган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Уруп-сабоо факты боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкектин Ленин РИИБнин кызматкерлери тергөө баштаган. Ур-тепкиге алгандардын калгандарын издөө ПМБнын кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: