Көчмөндөр оюндарынын айынан кыйылган Раппопорт аллеясынын көрүнүшү эми кандай болот?

Архитекторлор Көчмөндөр оюндарына карата трассаны кеңейтиш үчүн кыйылган Раппопорт аллеясынын эки эскизин көрсөтүштү. Жергиликтүү бийлик аллеяны эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүү жайына айландырат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев Kloop.kgге аллеянын эскизинин акыркы варианты чыгаша кагаз менен 24-мартта көрсөтүлөөрүн билдирди.

Ошондон кийин бийлик өкүлдөрү айтылуу аллеяны калыбына келтирүүгө катыша турган компаниялардын арасында тендер өткөрөт. Кожоев буга канча акча кетээрин тактаган жок.

Бийлик өкүлдөрү кыйылган бактардын ордуна ар кандай дарактарды — каштандарды, сирендерди, туяларды жана башкаларды отургузууну пландап жатышат. Долбоордо тротуарлар жана велосипед чыйырлары да каралган. Аллеянын узундугу 1400 метр болот.

Раппопорт аллеясы Көчмөндөр оюндарынын алдында Балыкчы-Корумду автотрассасын кайра куруш үчүн кыйылган. Жалпысынан бийлик 704 терек менен кара жыгачты кыйдырган.

Эколог Эмил Шүкүров ошондо бактардын абалы жакшы экенин, бийлик аларды «коммерциялык кызыкчылыктан улам» кыйып жатканын айткан.

«Бул коммерциялык кызыкчылыктан эле ойлоп табылган нерсе. Мен былтыр ал жакта болуп, дүмүрлөрдүн ахыбалын көргөм. Эч кандай чирик деле эмес экен», — деген ал.

Раппопорт аллеясы Ысык-Көлдүн күнгөйүндө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы трассаны бойлото тигилген. Аллеяны жылкы заводдун жумушчулары 1934-жылы отургузушкан, аны отургузуу демилгесин заводдун биринчи директору Леонид Раппопорт көтөргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: