Окууну таштабай туруп, бизнес баштаса болобу? Оңой эле. Айрымдары мектепте билим алса, дагы башкалары бакчага барат. Алардын долбоорлору ар кандай – кулинариядан баштап, куурчактарга кийим тигүүгө чейин. Бирок балдарды күчтүү амбициясы, келечекке ишенимдүү карашы жана ишкердик кайраты бириктирип турат. “Мейкин Азия онлайн” Кыргызстанда алгач ирет өткөн балдардын бизнес-жарманкесине катышып, кичинекей ишкерлер менен таанышып кайтты.

Макаланын түп нускасы The Open Asia сайтына чыккан.

Ишкер Тилек Токтогазиев ыктыярчылар менен чогуу Кыргызстанда балдар ишкердигин өнүктүрүүнү чечип, алгачкы бизнес-жарманкесин уюштурду. Ага 45 жеткинчек катышты. Алардын эң кенжеси болгону 5 жашта. Эми алардын басымдуусу бизнес шыктарын үйрөткөн акысыз окуудан өтүшөт.

“Бизнестеги жаңы үйрөнчүктөр товарын сатуудан коркушат, биз ушул тоскоолдукту жеңип өтүүгө жардам беребиз. Аларды туруктуу негизде окутууга даярбыз. Муну акысыз жасай турган өнөктөштөр табылды”, - дейт тилек Токтогазиев.

БАЛДАР ЧОҢДОРДОЙ ЭЛЕ БИЗНЕС КЫЛУУНУ КАНТИП БАШТАШКАН?

Арууке Мамытова, 10 жаш: куурчактар үчүн hand-made-көйнөктөр

Барбилерге өзү тиккен көйнөктөрдү кийгизүү идеясы Аруукеге бир жыл мурун келген. Ал апасына куурчак кийимдеринин топтомун биргеликте жаратууну сунуштаган, апасы баш тарткан эмес.

“Чыгармачылык менде дайыма жашачу. Апамдын айтымында, бир жарым жашымда адамдардын жүзүн, курчап турган нерселерди тарта алчу экенмин. Ошондуктан, бул мен үчүн апама жардам берип, өз чыгымымды каржылоого мүмкүнчүлүк деп чечтим”, - дейт ал.

“Арууке кагаз, калемсап алып, кийимдедин топтому кандай болушу керектигин чиймелей баштады, - деп эстейт апасы. - Ошондон бери ал мага үлгүлөрдү тартып берет, мен ага карап куурчактарга көйнөк тигем. Бир кийимди жаратууга үч сааттай кетет. А кызым эскизди эки саатта чиет”.

Арууке көйнөктөрдүн фасонун өзү ойлоп табат же сүрөттөрдөн алат, бирок сөзсүз түрдө кошумча-алымчасын киргизет. Анын топтомунда илгери айымдар балга кийген кечки көйнөктөр да бар. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин улуттук кийимдери да жаш дизайнердин топтомунда кездешет.

Жарманкеге бир жолу катышууда барбилер үчүн 3-6 көйнөк сатылат. Бир көйнөктүн куурчак менен чогуу баасы – 400-600 сом (6-9 доллар).

Келечекте Арууке өзүн чебер же бир бутиктин ээси катары көрбөйт. Ал илимий изилдөөчү болууну каалайт.

Акмал Төлөбалдиев, 12 жаш: клаб-сэндвичтерин жасайт

Эки ай мурун кезектеги фастфудду сатып алып жатып Акмалга “сендвичти өзүм жасасам деле болот го” деген ой келди. “Бул үчүн мага тостер керек эле, бирок андай буюм жок болчу. Биздин ашканада тостер болсо деп кыялданчумун”, - дейт Акмаль.

Мектептен үйгө келип Акмаль YouTubeду ачып, «сендвичти кантип оңой жана жөнөкөй жасаса болот» деп издеди, анан муздаткычтан азыктарды алып, нанды жука кылып кесип, өмүрүндө биринчи жолу клаб-сэндвич жасады.

“Алгачкы үч сэндвич таштанды челекке кетти. Мен бул ишти таштайын деп жатсам, төртүнчүсү окшошо баштады. Атам менин аракетимди көрүп, көптөн күткөн тостерди алып берди”.

Акмалдын стартапына бир ай эми болду. Ага ата-энеси, агасы жардам берет – керек азыктарды сатып беришет.

“Сэндвичтерди биринчи жолу жаш ишкерлердин жарманкесинде 60 сомдон сатып жатам. Кээде мектептеги досторума берем, көргөнүңүздөй, азырынча чыгымдарымды актай элек”.

Жаш ишкер алгач “буйрутмага сэндвич” кызматын ишке киргизүүнү пландап жатат, баары ойдогудай болсо, сэндвич саткан бир нече жайды ачат.

Ростислав Цой, 5 жаш: телефондор үчүн жыгач таканчыктардын сатуучусу

Беш жаштагы бала сатууга шыктуу, өз товарын мыкты билет. Продукциясы кандай жыгачтан жасалганын, атасынын колунан жаралган телефон үчүн жыгач таканчыктын пайдасын эч кандай кыйынчылыксыз айтып берет.

“Бул таканчык баары үчүн эле сонун белек болот. Ал үстөлдүн үстүндө көп орун ээлебейт, ал тургай чөнтөккө салып жүрсө да болот. Тамактанганда телефонуңуз булганбай турганына ишене бериңиз. Азыр сатып алыңыздар”, - дейт кичинекей сатуучу жанына келгендин баарына.

Бир таканчыктын баасы – 50-100 сом. (0,72 -1,44 доллар).

Цойдун үй-бүлөсү беш жылдан бери жыгач буюмдарды жасоо менен алектенет. Негизинен алар буйрутма менен иштешет. Ата-энелеринин айтымында, продукцияларын жарманкеге коюуну балдары сунуштаган.

“Балдардан жарманкеге катышып, акча тапкыңар келеби деп сурадык. Алар макул болушту. 9 жаштагы кичүү кызым атасына таканчыктардын үлгүсүн тартып берди. А кимди сатуучу кылаарыбызды ойлонгон деле жокпуз. Ростислав жардам берем деди. Анда мотивация бар эле – жарманкеден кийин оюнчук дракондуу болмок”, - дейт Ростиславдын апасы.

Кичинекей сатуучу жарманкеден убадалган оюнчугу менен кайтты.

Бермет Кубатбекова, 11жаш: булочка жасайт

Бермет байып кете элек, бирок туура жол менен бара жатат. Кичинесинен эле кулинарияга аябай кызыгат. Бермет жолдуу болду, анын кызыгуусун өстүргөн жакшы мугалими – таежеси бар.

“Кичинемде плитага жакка отургуч коюп алып, блинчик жасамыш болоор элем. 6 жашымда биринчи булочкамды жасап көрдүм, аны көз жашсыз кароо мүмкүн эмес эле”, - дейт Бермет.

Кийин жаш ишкерди таежеси үйрөтө баштады. Ал Берметке булочканы кооз жасоону, кошулмаларды туура өлчөөнү үйрөттү. Бермет шыктуу окуучу болду. Жыйынтыгында кызыгуусу анча чоң эмес стартапка айланды.

“Мен Таластагы балдар үйүнө жардам берүү үчүн булочкаларды сата баштадым. Пайданын 10%ын мен кайрымдуулукка жумшайм. Булочкаларымдын баасы – 12-22 сом (0,17-0,28 цент)”.

Келечекте ал өзүнүн кулинардык күркөсүн ачууну эңсейт. Азырынча ал түшкөн акчанын 80%ын ата-энесине, 10%ын кайрымдуулукка берет. Калганын өз муктаждыгына сарптайт.

Даниэл Аманов, 9 жаш: мөмө-жемиштерден чипсы жасайт

Тогуз жаштагы Даниэль башка балдардай эле мөмө-жемиштерди аябай жакшы көрөт. Бир ай мурун ал апасына пайдалуу тамак сатууну сунуштады. Апасы уулун колдоп, жергиликтүү рынокту изилдеп көрдү.

“Апам экөөбүз экологиялык таза азыктарды жакшы көрөбүз, ошондуктан, “эко” бир нерселерди издедик. Азырынча мөмө-жемиштерден эч ким чипсы жасай элек экенин түшүнгөндө, алгач өзүбүз үчүн жасап көрүүнү чечтик. Таттуу болду. Анан сатууну чечтик”, - дейт Даниэл.

Жаш ишкер түйшүктүн көбүн өз мойнуна алган – мөмөлөрдү тазалайт, кургатат, кууруйт, жаңгакты иргейт. Рецепт жана технологиясын апасы экөө ойлоп табышты. Башында сыноо маалында жемиштердин жарымы эле күйүп кетти. Бир баштыктагы чипсинин курамында алмурут, алма, үч түрдүү жаңгак болот. Бир кечте мындай каптаманын сегизин жасаса болот. Продукция 60 сомдон (0,86 доллар)сатылат.

“Чипсы акырындап сатылууда. Адамдар ага көнө баштады. Акысыз татып көрүшсө болот”.

Азыр Даниэль өзүнүн "Daniel's Eco Snacky" деген брендинин үстүндөн иштеп жатат. 6-класска барып ал өз алдынча акча таба баштайт деп апасы экөө келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: