Бут кийими скотч менен жамалган беш жашар ишкер. Кыргызстандагы балдар эмгегинин көрүнүшү кандай?

Машина базарда иштеген беш жашар баланын окуясын Кыргызстанда өтө көп талкуулап жатышат. Он градус суукта жыртык бут кийим кийген баланын видеосу интернет колдонуучулардын кыжырын келтирген. Атайын кызматтар баланы таба албай коюшкан, бирок кабарчыларыбыз ал баланын эжеси менен сүйлөшө алган. Расмий статистика боюнча Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала иштейт.

Материалдын түп нускасы «Настоящее времянын» сайтына чыккан.

Бишкектеги машина базарда иштеген беш жашар баланы эки апта мурда байкап калышкан. Видеодо ал жыртык бут кийим кийип алып, анысы ого бетер айрылып кетпеси үчүн скотч менен жамап алганын айтып берген.

Видеороликти базардагы сатуучулар же болбосо кароолчулар тартып алган болушу мүмкүн. Алардын бири кадр артында Нурболоттун базарда бир жылдай убакыттан бери иштеп жатканын айтат.

«Мен нан, кумшекер сатып алам. Кээде оюнчуктарды сатып алам», — дейт ал ата-энеңе жардам бересиңби деген суроого жооп берип жатып.

Кичинекей бала машина сатуу тууралуу кулактандыруулардын шаблонун сатып иштеген. Видео кеңири тарап кеткенден кийин Нурболотту баары издей башташкан: социалдык кызматкерлер, кайрымдуулук уюмдары жана журналисттер да. Адамдардын көңүлү көп бурула баштагандыктан баланын үй-бүлөсү ижарадагы батиринен башка жакка көчүп кеткен.

«Аларга бир бөлмөлүү тамда жашачу, кийин чыгарып салышты окшойт», — дейт Нурболоттун үй-бүлөсүнүн мурдагы кошунасы.

Мурдагы коңшулары айтып беришкендей, Нурболоттун атасы түрмөгө отуруп калгандан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары базарга барып иштей башташкан.

Нурболоттун энесин таба албай койдук.

Ушул эле базарда кичинекей баланын эжесин издеп таптык. Ал дагы апасындай болуп машиналарды жууп ачка табат.

Бегайымдын айтымында, анын иниси базарда эч качан иштеген эмес.

«Ал иштеген эмес, жөн эле ойноп, кагаздарды жөн эле кармап алган», — деп белгилейт ал.

Мындай иштер менен Бишкектеги машина базарда бир эле балдар алектенишет. Жолду бойлой өспүрүм балдар жарнамалык шаблондорду сатып иштешет.

Бир баракка окуучулар он сом сурашат. Күнүнө бул балдар орто эсеп менен 15 доллардай акча табышат.

Балдар жумушка кандай аба ырайы болбосун чыга беришет. Дем алыш болгон эки күндө мүмкүн болушунча көп товар сатканга аракет кылышат.

Машина базардагы балдарга таандык иштердин дагы бири — отуруп калган аккумуляторду от алдыруу.

«Аккумуляторду туташтырабыз. Бул плюс, бул минус. Муну плюска, мунусун минуска туташтырабыз», — деп көрсөттү кичинекей ишкер Бакай.

Он бир жашар ишкер мурда эле атаандаштары менен келишип алган. Азыр эми ар бири өз аймагында гана иштейт.

«Биз бардык секторлорду бөлүштүрүп алганбыз. Биринчиден экинчиге, — деп түшүндүрүп жатты ал. — Бардык акчаны атама берем, ал болсо кийин мага баскан-турганга берет».

Балдарга иштөөгө тыюу салууга, Бакайдын ою боюнча, болбойт. Эгер ал базарга келбей турган болсо, анын ата-энеси кыйналып калат.

Качан ата-энеси жакшы иш тапканда ал базардын ичинде эски аккумуляторду көтөрүп жүрбөй калаарын айтат ал.


ТЕМА БОЮНЧА: