Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» кулап түшүп, 39 киши курман болгон каргашалуу күндөн бери эки ай өттү. Кыргызстанда жана чет өлкөдө жашаган адамдар жабыркагандарга 96 миллион сом чогултуп беришти, бирок бийлик аларды ушул күнгө чейин курман болгондордун туугандарына жана үй-жайынан ажыраган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп бере элек. Жарымы кыйрап калган айылдагылар азыр кантип жашап жатышат жана эмне үчүн ал жактан тезирээк кеткиси келет?

Исак Анарбаев кызы менен.

Исак Анарбаев 58 жашта. Ал үй-бүлөсү менен Дача-СУ кыштагында дээрлик алты жылдан бери жашап келатат. Анарбаев 11 баланын атасы, бирок азыр аны менен эки кызы жана аялы гана жашайт.

Кырсыкка чейин үй-бүлөсүн багыш үчүн ал үйүндө тандырга нан жаап, аны жергиликтүү элге сатчу экен. Исак өзү айткандай, анын нанын бүт көчөдөгүлөр алчу.

Исактын үй-бүлөсү үйүн куруп бүтө элек эле: жогорку кабаты салына элек болгондуктан үйдөгүлөр эмгиче жертөлөдө жашашат. Ошонусу кырсык учурунда аларды сактап калды окшойт.

Каргаша болгон күнү анын үй-бүлөсүнүн кыштакка учак кулап түшкөнү тууралуу кабары да жок болчу. Бүлө башчысы катуу жарылуудан улам тышка чыкканда так жанынан өлүп алдындагы түрк учкучун көрөм деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

«Мен тышка чыкканда от асманга жете жаздап күйүп жатыптыр. Мен кошунамдын үйүнө чуркап барып, отургучтагы адамды көрдүм. Ал кыйкырып жатты. Өлүп бараткан экен. Мен анын учкуч экенин түшүнүп, сактап калыш үчүн үй жакка алып бардым», — дейт ал ошол күн жөнүндө эскерип.

Бирок ал учкучту да, өз үйүнөн документтерди алып чыккан соң кошуналарга жардам бергени барып, аларды да сактай алган жок.

«Неберелерим кошуналарды барып сактайлы дешти. Карасам кошунам Санжар өлүп жатат. Жанында кызы менен аялы жатат. Алардын денеси катуу күйүп калган экен», — деди ал.

Исак Анарбаевдин кошуналары тирүү калган эмес. Алардын мышыгы гана аман калган.

Эртең менен үйдөн көчөгө чыккан сайын Исак мурда кошуналары жашаган үйлөрдүн урандыларын көргөн. Түн ичинде учактар үйдүн үстүнөн өткөндө чочуп ойгонгон учурлары көп болот.

Ал мамлекет кырсык болгон күндөн бери анын үй-бүлөсүнө эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн айтып даттанды. Алардын үй-бүлөсү ыктыярчылардын гана гуманитардык жардам алыптыр.

Эми ал нан да жаба албайт. Анткени кулап түшкөн учак тандырын талкалап кеткен. Учактын башка сыныктары да чачырап, бактарын, тоокканасын жана үйгө жанаша салынган тамдардын баарын бүлдүргөн.

Бирок Исак өзү деле бийликтин жардамынан түңүлгөн. Тандырын кайра жасаш үчүн ал туугандарынан карыз алып же банктан насыя алганы жатат. Бирок өзү да, үй-бүлөсү да бул үйдө көпкө калгысы келбейт.

Исак Анарбаевдин үйү.

«Тынчыраак жерге көчсөк деп үмүт кылып жатабыз. Биздин үмүтүбүз эле ошол, башканын кереги жок», — дейт Исактын жакындары.

Анын мектеп жашындагы кыздары Мадина менен Айсулуунун ден соолугу кырсыктан кийин бузулду. Керосиндин жытынан башы ооруп, кускан учурлары көп болот. Ден соолугунан тышкары, кыздар психологиялык жактан да жабыркап жатышат.

Кызы Мадина эмгиче кырсык болгон күндү унута албайт. Курман болгон кошуналары тууралуу ыр жазып жүрөт. Мадина күндөрдүн биринде алар менен бейиштен жолугаарына ишенет.

«Көчүрө албайбыз»

Бүгүнкү күндө Дача-СУ кыштагында 861 киши жашайт. Ар бир үй-бүлө кырсык тууралуу эстетип турган ушул жерден көчүп кеткиси келет.

Бирок Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергенов азыр кыштак тургундарына жаңы үйлөрдү таап бергенге бийликтин мүмкүнчүлүгү жок экенин моюнга алды.

Облуста жабыркагандарга бөлүштүрүп берсе боло турган жерлер бар. Бирок алар азыр агрардык багытта, аларга үй салганга болбойт. Аны трансформациялап, айыл чарба категориясынан турак-жай категориясына өткөрүү жагын Жогорку Кеңеш чечиши керек.

Мындан тышкары, бийлик трансформация жүргүзүлгөн күндө деле мамлекет элди көчүрүп, алардын үйүнүн жанында инфратүзүмдү камсыз кылыш үчүн мамлекетке убакыт керек экенин белгилейт.

Кудайбергеновдун айтымында, тургундар үчүн батыраак компенсация алып берүү максатында мамлекет түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө азырынча эч нерсе айтыла элек.

Эл кыштакта жашагандан коркот.

Мындан тышкары, кайдыгер карабаган адамдар жана компаниялар жабыркагандар үчүн чогултуп берген 96 миллион сом ошол бойдон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде жатат. Акчаны бөлүштүрүүгө эч ким ашыга элек.

«Каражаттан ӨКМдин эсебинде жатат. Эл чогултуп берген акчадан бир да сом коромжу боло элек», — деп билдирди губернатор.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, акчаны учак кулаган күнү туугандарын жоготкон тургундардан турган комиссия бөлүштүрөт.

Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Сатиев 24-мартка чейин комиссия жабыркагандар кандай жардам алаарын аныкташы керек экенин билдирди.

Бирок бийлик мурда көп эле жолу убакытты созуп келген. Буга чейин Сокулук районунун акими Болот Саткеев Kloop.kg менен болгон маекте каражатты бөлүштүрүү маселеси 13-мартка карата чечилип калаарын айткан болчу.

Комиссия акчаны кантип бөлүштүрүүнү пландагыча жабыркагандарга жигердүү жардам чогулткан «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары өздөрү чогулткан миллион сомду бөлүштүрүп коюшту.

Акчанын көпчүлүк бөлүгүн алар биринчи иретте курман болгондордун туугандарына берип, андан кийин чогулган каражаттарды кырсыктан жабыркагандарга таратышты.

«Бул жердин келечеги жок»

Айылдын тургуну Мирлан Токоев кыштактагылардын эч кимиси эми үйүн сата албай калганын, анткени аба майданынын жанында жашоо коркунучтуу болуп калганын айтып кейиди.

«Биз бул үйлөрдү сатып алганбыз. Эми сата албай жатабыз. Бул жерге учак кулап калышы мүмкүн экенин эми баары билет», — дейт ал.

Дача-СУ кыштагынын тургундары бул жердин келечеги жок деп эсептешет.

Мирлан балдары эмгиче кырсыктан кийин өзүнө келе элек экенин айтат. Алар көчөдө чогуу ойногон маркум досторун көп эстеп, күндүзү болсо ар бир учак көрүнбөй калгыча «узатып» турушат экен.

«Мамлекеттен эч кандай жардам болгон жок. Эл шифер алып келди, бирок мен алган жокмун. Мен бул жакта мындан ары жашайын деген ниетим жок. Бул жакта жашаган коркунучтуу болуп калды. Бул жердин келечеги жок», — дейт ал.

Гүлбарчын Момукееванын үй-бүлөсү — көчүп кетсек деп күтүп жүргөндөрдүн бири. Кырсык учурунда анын үйү таптакыр талкаланып, бийлик анын үй-бүлөсүнө Бишкектин борборундагы батирде жашаганга мүмкүнчүлүк берген. Бирок бул убактылуу эле арга — батир ижарага алынган, андыктан Гүлбарчын аларга үй сатып алууга акча бөлүнөт деп үмүт кылат.

Кулап түшкөн учак Гүлбарчын күйөөсү, энеси жана үч баласы менен жашаган үйдү таптакыр жер менен жексен кылган. Ошол алаамат күн жөнүндө айтып жатып, ал кошуналарын эстейт. Айтып берип жатып да көзүнүн жашын тыя албай койду.

«Биз күн сайын күлүп учурашып, баарлашып жүргөн коңшуларыбыздын баары курман болду. Кошуна келин түшүмө кирет», — дейт Гүлбарчын.

Бул аял жүрөгү түшүп калган. 16-январда эртең менен ал мектепке эки баланы, өз уулун жана коңшусунун Жакшылык деген баласын жеткиргени бараткан. Бирок алар чоң жолго чыкканга жетише электе эле кыштак караңгыга бөлөнө түшкөн. Андан ары катуу үн чыккан. Баары күйө баштаган. Аял эмне болгонун дароо түшүнбөй, өз үйүн көздөй чуркаган.

«Мен баштыгымды таштай салып эле үйгө чуркадым, анткени ал жакта балдарым менен күйөөм бар болчу. Адегенде унчукпай чуркап бараттым, анан күйөөмдү чакыра баштадым. Ал урандынын алдынан алып чыккан кичүү уулумду мага карматты. Кызым мештин үстүндө уктап жаткан, күйөөм аны да төшөктөн тартып сууруп чыкты», — деп эскерет Гүлбарчын.

Гүлбарчын күйөөсү экөө каргаша болгон күнү өз үйүнүн урандыларында калган-каткан оокатын чогултуп жүрүшөт.

Өз үй-бүлөсүн куткаргандан кийин күйөөсү Талант куткаруучу топко урандылардын алдында калган коңшуларын издөөгө жардам бере баштаган. Ошол эле учурда бул үйдөгүлөр урандысы эле калган үйдөн эң керектүү оокатын алып чыкканга аракет кылган.

«Бул бөлмөдө ошол күнү кызым уктап жаткан», «бул жерде болсо мончобуз бар болчу», — деп Гүлбарчын бирде таштанды менен урандыларды, бирде жөн эле бош калган жерди көрсөтүп жатты.

«Үйдү жаңы эле оңдоп бүткөнбүз. Күзүндө жаңы конушубузду майлап, балабызга той өткөрөлү деп жатканбыз. Ушундай пландарыбыз бар эле. Эми билбейм», — дейт ал.

Азырынча Гүлбарчын да, Талант да өзүнө келе элек. Алар качан жаңы үй салып мурдагыдай жашай баштайбыз деп күтүп жатышат. Булар Дача-СУ кыштагында мындан ары жашагысы келбейт.

«Буга чейин пландарыбыз көп эле. Эми эртеңкиге план түзгөндөн да корком, бүгүнкү күн менен жашап жатабыз. Баары Кудайдын колунда экен. […] Эми бизге мамлекет кам көрөбү деп үмүт кылып жатабыз. Ошого ишенебиз. Үч айга батир беришти. […] Бизге жардам бергендердин баарына ырахмат. Баары жардам берди — пенсионерлери дагы, таптакыр жаштары дагы. ӨКМ бере турган акчага жаңы үй сатып алабыз деген үмүтүбүз бар. Балдарга билим бериш керек», — дейт Гүлбарчын.


ТЕМА БОЮНЧА: