«Боинг-747» кулагандан бери бир ай өттү: Бийлик жабыркагандар үчүн чогулган акчаны дагы эле бөлүштүрө элек

Дача-СУ кыштагына учак кулап түшкөндөн бери туура бир ай болду. Бийлик жабыркагандар үчүн 18 тонна гуманитардык жардам чогултту. ӨКМдин атайын эсебинде 88 миллион сомдон ашык акча жыйналды. Эми жабыркагандарга арналган акча кантип, качан бөлүштүрүлөөрү белгисиз.

Сокулук райондук администрациясынын өкүлү Талгат Назакеев 18 тонна гуманитардык жүктүн ичинен төрт тоннасы «Семетей» мейманканасында убактылуу жашаган 12 үй-бүлөгө таратылып бүтүп калганын билдирди.

Назикеев администрация гуманитардык жардамды дагы 14 үй-бүлөгө бөлүштүрүп киргенин айтты — алар 250 кг ун, 50 кг кумшекер жана 25 пачка өсүмдүк майын алды.

Анын айтымында, калган жүк качан бөлүштүрүлөөрү белгисиз. Аны менен курамына 21 киши, райондук администрациянын, ӨКМдин өкүлдөрү жана жергиликтүү аксакалдар кирген атайын комиссия алек болот.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты калган жүк жабыркагандар туруктуу үй-жай менен камсыз болгондон кийин бөлүштүрүлөөрүн билдирди.

Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылган, анда 88 миллион сомдон ашуун акча чогулду.

«Ал акча атайын комиссия тарабынан өкмөттүн деңгээлинде бөлүштүрүлөт. Анын курамына аткаминерлер, жергиликтүү тургундар, жабыркагандардын өздөрү жана айыл аксакалдары кирет», — деди Kloop.kgге ӨКМдин кызматкери Нурбек Абдраимов.

Анын айтымында, азыр ал акча кантип бөлүштүрүлөөрү белгисиз.

«Боинг-747» 16-январда  Дача-СУ кыштагында кыйраган. Учак эртең менен турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын айынан 39 киши курман болуп, 26 үй талкаланган. Зыяндын өлчөмү 186 миллион сомду түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: