Дача-СУ кыштагынын тургундары митингге чыгып, башка жерге көчүрүүнү талап кылышты

Дача-СУ кыштагындагы «Боинг-747» кулаган жерде жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Тургундар бийлик аларды көчүрүп кетишин талап кылышты.

Жүк ташуучу учак кулаган жердеги митингге 100гө жакын жергиликтүү тургун катышты. Алар өздөрүнүн кыйынчылыктарына мамлекет көңүл бурбай жатканына нааразы болушту. Митингчилердин негизги талабы — аларды көчүрүп кетүү.

Кыштактын тургундары дайыма үстүнөн учуп турган учактардын айынан Дача-СУда жашагандан коркушаарын, керосиндин жыты болсо алардын ден соолугуна зыян тийгизип келатканын айтышты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жылдыз Шеримбекова Kloop.kgге Дача-СУ кыштагында учактын кыйрашынан жабыркагандар эмес, жергиликтүү тургундар митингге чыгышканын айтты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов азыр кыштак тургундарын көчүрүү маселеси чечилбей тургандыгын, анткени бош жерлер жок экенин билдирди.

Ал 15-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышкан кеңешмеде авиакырсыкка байланышкан маселелер чечилээрин айтты. Ал митингдегилердин талабын премьер-министрге жеткирүүгө убада берди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Элвира Шерипова Kloop.kgге азырынча жабыркагандар үчүн чогулган акча кандай бөлүштүрүлөөрү белгисиз экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, жакын арада өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага жабыркагандар өздөрү да кирет.

«Бирок акча түздөн-түз жабыркагандардын — туугандары курман болгондордун же үйлөрү толук талкалангандардын арасында гана бөлүштүрүлөт», — деди ал.

Шерипованын айтымында, комиссия акчаны бөлүштүрүү боюнча бардык маселелерди чечет.

2017-жылдын 7-мартына карата ӨКМдин маалыматына караганда, жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ӨКМдин атайын эсебине 95 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Бирок жабыркагандар акчаны ала элек.

Жүк ташуучу «Боинг-747» 16-январда Дача-СУ кыштагындагы турак үйлөрдүн үстүнө түшүп талкалап кеткен. Кырсыктын айынан 39 киши курман болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: