Майлуу-Суудагы жер көчкү дагы эле жылып баратат. 10 түтүн элди эвакуациялоо пландалууда

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан анча алыс эмес жердеги Сары-Бээ айылында жер көчкү дагы эле жылып баратат. Жер чөгүп, айрым үйлөр авариялык абалда турат, бийлик 10 түтүн элди эвакуациялаганы жатат.

Жер көчүп жаткан жерге ӨКМ кызматкерлери жана жакынкы Майлуу-Суу шаарынын бийлик өкүлдөрү барышты. Тез чара көрүү тобу 10 үйдүн тургундарын тез арада эвакуациялаш керек деген жыйынтыкка келди. Азыр жер көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлө турган орун аныкталып атат.

ӨКМдин тез чара көрүү тобунун башчысы Мухамед Сваров Kloop.kg менен болгон маекте шаар жетекчилигине тургундарды көчүрүү боюнча көрсөтмө берилгенин айтты.

Сүрөт: ӨКМ

«Алар тургундарды көчүрүүгө милдеттүү. Эл туугандарыныкына көчүрүлөт болуш керек», — деди Сваров.

2017-жылдын 15-мартында эртең менен Сары-Бээ айылында 1 750 000 куб метрлик жер көчкү жүрүп, жер бир метрге чейин чөктү. Айылдын батыш жагында жети үйгө коркунуч туулду.

Көпүрө-Башы участогунда да үч үйдүн астындагы топурак жылып кете турган коркунуч пайда болду.

Жергиликтүү бийлик жер көчкүнүн айынан уран калдыктары бузула турган коркунуч жок экенин билдирди, анткени ал айылдан бир нече чакырым аралыкта турат.

Сүрөт: ӨКМ

Майлуу-Суу — Кыргызстанда «куйруктардын», башкача айтканда уран рудасын иштетүү калдыктарынын радиоактивдүү көмүлмөсү жаткан жети жердин бири.

Уу калдыктарын көп учурда сел менен ташкындар жууп кетип турат. Алар жаан-чачын сезонунда эң коркунучтуу. Уу калдыктарынын жуулуп кетиши айлана-чөйрөгө таасир этет, анткени радиация көбөйөт.

Авторлошу: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: