Атамбаев Ноорузда элге чыкпайт

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте Ноорузду майрамдоо салтанатына катышпайт.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Kloop.kgге президент кыргызстандыктарды Нооруз менен тексттик кайрылуу аркылуу куттуктай турганын кабарлады.

«Президенттин атынан президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков сөз сүйлөйт, премьер-министрдин катышуусу да пландалууда», — деди ал.

Өлкөдөгү күчөп бараткан саясий кризистин шартында Атамбаевдин сүйлөй турган сөзүн журналисттер чоң кызыгуу менен күтүп жатышкан.

Мындан тышкары, өзүнүн кийинки сүйлөгөн сөздөрүндө президент көз каранды эмес ЖМКга, ошондой эле оппозицияга карата улам катуураак сын айтып келаткан.

Мамлекет башчысы ал тургай эл көп катышкан иш-чараларда да тилин тыя албагандыгы менен белгилүү.

Атамбаев акыркы эки жумада оппозициячыл «Ата Мекен» партиясын «сасык», ал эми анын башчысы Өмүрбек Текебаевди «мародёр» деп атаганга жетишти.

Атамбаев иш-чаранын темасына байланышпаган сөздөрдү айткан учурлар көп кездешет.

Анын майрамда сүйлөгөн акыркы сөзү 2016-жылы Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында айтылган. Ал мурдагы президент Роза Отунбаеванын сахнадан көз көрүнө кетип калышы менен бузулган.

Отунбаева Атамбаев аны сахнадан 2010-жылы президент болуш үчүн Конституцияны өзгөрткөн деп айыптап киргенине ачуусу келген. Атамбаев ал күнү конституциялык реформага каршы чыккан көп саясатчыларды сынга алган.

Өлкөдө саясий кризис конституциялык реформадан кийин күчөп кеткен. Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

Атамбаев өз каршылаштары менен эркин ЖМКларды сындап эле тим болбой, аларга каршы чара көрө баштаган.

«Ата Мекендин» үч оппозициячыл депутатына каршы кылмыш иши козголуп, ал эми партиянын башчысы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Башкы прокуратура президенттин ар-намысы менен кадыр-баркын жана президентти колдогон КСДПнын беделин коргоо үчүн үч ЖМКга, «Заноза», «Азаттык» жана 24.kgге каршы көп миллиондогон доо арыздарды берген.


ТЕМА БОЮНЧА: