«Эл аралык мунапыс» сөз эркиндиги үчүн жүрүштө кармалгандарды бошотууну талап кылууда

Дүйнөдөгү эң ири укук коргоо уюмдарынын бири «Эл аралык мунапыс» Кыргызстандын бийлигин тез арада Бишкектеги 18-мартта сөз эркиндиги үчүн өткөн жүрүштө кармалган беш адамды бошотууга чакырды.

Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, жүрүштүн катышуучуларын камоо боюнча соттук чечим эл аралык эрежелерге туура келбейт. Анткени милиция кармалгандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн адвокаттарга сөз берген эмес.

Андан тышкары, көз карандысыз байкоочуларга соттук отурумга катышууга уруксат берилген эмес.

Демонстранттардын кармалышы, укук коргоочулардын ою боюнча, «алдын ала ниеттелген». Бул жол менен бийлик тынчтык митингин өткөрүүгө тоскоолдук кылып, жүрүштүн катышуучуларын сөз эркиндиги укугунан ажыратууга аракет кылышкан.

«Алар тез арада коё берилиши керек. Алардын кармалышы башка адамдар дагы кийин каршылык акцияларына чыкпасын деп коркутуу үчүн керек болду окшойт», — делет уюмдун билдирүүсүндө.

Укук коргоочулардын пикиринде, жүрүштүн катышуучулары мыйзамды бузган эмес, анткени алар тынчтык митинги тууралуу бийликке кабар беришкен.

Кармоо

Сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш 18-мартта Бишкекте болгон. Акциянын жети катышуучусун милиция Абдрахманов (мурдагы Совет) жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кармап кеткен.

Милициянын версиясы боюнча, жүрүштүн катышуучулары укук сакчыларынын талаптарына баш ийбей, жолду жаап салууга аракет кылышкан.

Кармалгандардын ичинен экөө — депутат Каныбек Иманалиев жана ВВСнин журналисти Абдыбек Казиев — көп өтпөй коё берилген.

Активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана Мухитдин Алымсеитов беш суткага камакка алынып, Бишкектин ШИИБнин кабылдагыч-бөлүштүргүчүнө жайгаштырылган.

Сот кармалгандар бир нече административдик беренелер — «Жолду мыйзамсыз жабуу», «Милиция кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна же талабына баш ийбей коюу», «Майда ээн баштык» боюнча мыйзам бузушту деп эсептеген. Мындан тышкары, кармалгандар жол эрежелерин бузганы үчүн айыпталган.

Жүрүштүн уюштуруучулары соттун бул чечимине каршы даттанууга аракет кылышкан, бирок дем алыш күндөргө байланыштуу ал ишке ашпай калган. Адвокаттар камакка алууга каршы 22-марта даттанууга ниеттенишүүдө.

Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү кармалгандарды барып көрүп, алар начар шарттарда кармалганын билдиришти — алардын төшөк шейшеби жок, камерада киши көп, бир эле ачык даараткана бар.

Сөз эркиндиги үчүн жүрүш

Уюштуруучулар президент Алмазбек Атамбаев эркин ЖМКларга айткан сын пикири күчөп кеткендиктен сөз эркиндиги үчүн жүрүш өткөрүүнү чечишкен.

Жүрүштүн катышуучулары Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана президентти колдогон КСДП партиясынын «ишкердик аброюн» коргош үчүн «Азаттыкка», «Занозага» жана 24.kgге каршы берген миллиондогон доо арыздарга байланыштуу бул үч маалымат каражаты менен тилектештигин билдиришкен.

Жүрүштүн катышуучулары Түштүк дарбазадагы Жеңиш багынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып келишкен. Жүрүшкө 100дөн ашуун киши — коомдук ишмерлер, саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: