Сот «Азаттык» менен «Занозанын» банк эсептерин камакка алды

Бишкек шаардык соту «Заноза» жана «Азаттык» порталдарынын банк эсептерин президент Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо иши боюнча камакка алды. «Заноза» бул иш басылманын жабылышына алып барышы мүмкүн деп кооптонуп жатат.

«Заноза» интернет-басылмасынын башкы редактору жана тең түзүүчүсү Дина Маслова Kloop.kgге ырастагандай, сот уюмдун банк эсептерин камакка алган.

Маслованын айтымында, сот эсептерди 14-мартта эле камакка алган.

«Документти болсо колубузга бүгүн гана алдык, биз банкка телефон чалдык, азырынча эсептер камакка алына элек экен. Аларга маалымат жете элек болсо керек. Алар доо арызда көрсөтүлгөн сумманы гана камакка алууга аракет кылып жатышат, башкача айтканда, үч миллион сомду. Бирок бизде анча акча эч качан болгон эмес», — деди ал.

Маслованын айтымында, адвокаттар эсептердин бөгөттөлүшүнө каршы сотко доо арыз даярдап жатышат.

Ал мындай чара редакциянын ишин чектебесин, бирок эгерде соттук иштер узап кете турган болсо, анда «Заноза» кызматкерлерине айлык төлөп бере албай жабылып калаарын айтты.

«Бирок бул биз журналист болуп иштебей калабыз дегенди билдирбейт, иштөөнүн башка жолдору дагы бар», — деди Маслова.

«Азаттык» үналгысынын банк эсептери дагы соттун чечими менен камакка алынган.

«Судья Жылдыз Жумабаева [...] "Азаттык медиа" мекемесине таандык банк эсептерин жана башка эсептер тууралуу маалыматты талап кылуу, 10 миллион сомдун чегиндеги каражатты камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды. "Азаттык" радиосунун эсебинде анча каражат жок болгондуктан, азырынча бардык каржылык операцияларга чектөө киргизилди», — делет редакциянын билдирүүсүндө.

Соттун аныктамасында айтылгандай, эсептерди камакка алуу тууралуу чечим эгерде жоопкерлер иш боюнча утулуп кала турган болсо, доо арыздагы суммаларды алардан алыш үчүн чыгарылган.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев Kloop.kgге кабарлагандай, мындай учурларда басылмалар соттун чечимине гана каршы арыздана алышат.

Медиа-эксперт Азамат Тынаевдин ою боюнча, бийликтин мындай аракеттери бул ЖМКлардын ишмердүүлүгүн «шал кылып» коюшу мүмкүн.

«Редакциялык чыгымдар бар: кеңсенин ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр, транспорттук чыгымдар. Азыр “Заноза” менен “Азаттыктын” ишмердиги коркунуч алдында турат. Бул аларды кысталыш кырдаалда шал кылып салууга ачыктан ачык аракет», — деди ал Kloop.kg менен болгон маегинде.

Медиа-эксперт Гүлнура Төралиева Kloop.kg менен болгон маекте басылмаларга каршы сот процесстери өзү эле ЖМКга кысым болуп эсептелээрин айтты.

«Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун президенттин атынан соттук доо арыздар ЖМКга кысым көрсөтүү катары кабыл алынат. Эмне үчүн? Анткени эң жогорку кызматтык жана мамлекеттик адамдарды кошкондо бардык эл алдындагы адамдар ЖМКдагы терс мүнөздөгү макалаларга жана сынга чыдамдуу болушу керек», — деп эсептейт ал.

Басылмаларга каршы доо арыздар

Башкы прокуратура марттын башында президенттин ар-намысын коргош үчүн «Заноза» менен «Азаттыкты» сотко берген. Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, басылмалар мамлекет башчысы жөнүндө «жалган» маалымат таратышкан.

Соттук териштирүүгө оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйыны тууралуу жана депутат Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барганы тууралуу «Азаттык» менен «Занозанын» материалдары негиз болгон.

Журналисттер түрк атайын кызматтарынын докуметтерине таянып «Манас» аба майданынын жанында кыйраган «Боинг-747деги» жүктүн бир бөлүгү Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдирген юристтердин жарыясын жарыкка чыгарышкан. Бул маалыматты Түркиянын бийлиги жана элчиси четке каккан.

Басылмалар ошондой эле оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барып, аларга Атамбаев бул өлкөнүн офшорунда мүлкү бар экен деп айтканын жазышкан.

Басылмалар өздөрү болсо доо арыздарды негизсиз деп эсептешет, анткени алар маалымат булактарынын айткандарын сөзмө-сөз келтиришкен.

Кийинчерээк Башкы прокуратура «Занозага» жана уюмдун тең түзүүчүсү Нарынбек Идиновго (Нарын Айыпка) каршы «Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле?» («Президент берген миллиондор: банкет чынында кимдин эсебинен?») аттуу материалдын айынан доо арыз берген.

Макалада ал президенттик фонддордогу каражаттардын келип чыгышына байланышкан маселе тууралуу суроо берип, мамлекет башчысы аларды кимге бергенин баяндайт.

Идиновдун пикиринде, президент ЖМКга кысым көрсөтүп, өз ыйгарым укуктарынан аша чабууда.

«Күч органдарынын баары президенттин колунда, бул тең салмактуулук эмес. Сотторду президент дайындайт, УКМКнын төрагасы президент дайындайт, башкы прокурорду дагы, тең салмактуулук бузулган абал эмитен эле түзүлдү», — деди ал.

Моралдык чыгымдын компенсациясы катары айыптоочу тарап «Азаттыктан» 20 миллион сом, «Занозадан» тогуз миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. «Занозанын» тең түзүүчүсү Идиновдон Башкы прокуратура үч миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Сот Идиновдун мүлкүн — анын батирин — териштирүү бүткүчөктү камакка алды.

Сүрөт: «Спутник»


ТЕМА БОЮНЧА: