Мурдагы депутат Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди

УКМКнын кызматкерлери мурдагы депутат Садыр Жапаровду кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармады. Бийлик аны Ысык-Көл облусунун мурдагы губернаторун 2013-жылы туткунга алды деп айыптап жатат. Жапаров Кыргызстанга депутаттык мандатынан ажырагандан кийин төрт жыл өткөн соң кайтып келип отурат.

Мурдагы депутаттын тарапташтарынын бири Тимур Саралаев Kloop.kgге кабарлагандай, Жапаров чек арадан өтөөрү менен аны УКМКнын кызматкерлери машинага салып алып кетишкен.

«Чек арадан төрт кара жип жогорку ылдамдыкта чыгып кетти. Азыр милиционерлер салынган унаа өтүп баратат. Курчоону ала башташты», — деди активист Тимур Саралиев.

УКМКнын пикири боюнча, Жапаров «Кумтөрдү» улутташтырыш үчүн өткөрүлгөн Ысык-Көлдөгү митингдерди «каржылаган».

Атайын кызматтар ага бир нече беренелер боюнча күнөө коюп жатышат: «Өлтүрүү менен коркутуу», «Туткунга алуу», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу».

УКМКнын версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы митингчилерге ошол убактагы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди туткунга алууга буйрук берген.

«Мобилдик байланыш аркылуу ал Каптагаевди коё бербөө көрсөтмөсүн берип, митингдин катышуучуларынан алдын ала макулдашылган план боюнча аракет кылуусун талап кылган», — делет атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров Кыргызстанга 25-мартта УКМКга сурак бериш үчүн келээрин билдирген. Бирок ал сурактын себебин билген эмес, бирок өзүнө каршы кылмыш иши козголот деп ойлоп жаткан.

«Мени кандайдыр бир иш боюнча күбө катары чакырышты. Менин маалыматым боюнча, алар жасалма кылмыш ишин козгоону пландап жатышат», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Жапаров депутаттык мандаттан ажыратылгандан кийин 2013-жылы чет өлкөгө чыгып кеткен. Соңку төрт жылдан бери ал Казакстанда жашап келет.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышмакчы

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин мурдагы депутат президенттик кызматка ат салышаарын айткан. Кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт.

Садыр Жапаров — 2013-жылы бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталган үч оппозициялык саясатчынын бири.

Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтырыш үчүн митинг өткөрүшкөндөн кийин алардын депутаттык мандаттарынан ажыратышкан.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын УКМКнын алдындагы митингинен репортажды бул жерден көрсөңөр болот.

Сүрөт: Дайырбек Орунбеков