Активисттер Жапаровдун тарапкерлеринин кармалышын парламентте талкуулоону талап кылышууда

Сөз эркиндигин коргоо комитети мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин өткөрүү учурунда түзүлгөн кырдаалды иликтеш үчүн шашылыш отурум өткөрүүнү жана комиссия түзүүнү талап кылып парламентке кайрылуу жөнөттү.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы, оппозициячы Адил Турдукулов Kloop.kgге комитет мүчөлөрү парламент депутаттарын Жапаровдун колдоочуларынын 25-мартта кармалышын ар тараптуу иликтеш үчүн жыйын өткөрүүгө үндөп жатышканын билдирди. Анын пикиринде, антпесе эл кайра митингдерге чыгышы ыктымал.

«Биз парламент милициянын аракетин сынга алсын деген жокпуз. Биз бул окуяны өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органы ар тараптан иликтеп чыксын деп жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, Жапаровдун камалышы саясий мүнөзгө ээ жана бул маселе парламентте ар тараптуу каралышы керек.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу 27 жана 28-мартта комитет жыйындары болоорун, алар кайрылууну ала элек экенин билдирди.

«Балким депутаттар шаршемби же бейшемби күнү өздөрү чечим кабыл алса керек. Эгерде кайрылуу спикерге жөнөтүлгөн болсо анда ал азыр чет өлкөдө жүрөт», — деди ал.

Жапаровдун тарапкерлеринин кармалышы

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги 25-мартта УКМК имаратынын жанында болгон. Митингдегилер Кыргызстанга Казакстандан кайтып келаткан жеринен атайын кызматтар тарабынан кармалган Жапаровду сурактан кое берүүнү талап кылышкан. Митингге анын 500дөй тарапкери келген.

Жапаров «Кумтөр» компаниясын мамлекетке алуу боюнча митингди каржылаган жана 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталууда.

Жапаров ошол бойдон сурактан кое берилбегендиктен улам 16:00дө митингдегилер менен милициянын ортосунда кагылышуу башталган. Кийин белгилүү болгондой, ал тергөө аяктагыча камакка алынган.

Жапаровдун тарапкерлери курчоону бузуп кирип, милиция кызматкерлерине таш жана шише ыргыта башташкан. Жооп катары милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертүү иретинде ок атып, андан соң митингди кууп таратышкан.

Укук сакчылары жүзгө жакын кишини кармап, 64 адамды эки суткадан беш суткага чейин камакка алышкан. Митингдин дагы 12 катышуучусуна административдик штраф салынган.

Сүрөт: Даниль Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: