«Боинг-747нин» кыйрашы: Дача-СУ кыштагында жабыркагандар акча алышты, бирок мамлекеттен эмес

«Боинг-747нин» кыйрашынан жабыркагандар өкмөттүк эмес уюмдардан акча алышты. Бирок бийлик чогулган компенсацияны Дача-СУ кыштагынын тургундарынын арасында бөлүштүрүүнү азырынча баштай элек.

КРнын Улуттук Кызыл жарым ай коому жана «Жардам берген оңой (Помогать легко)» коомдук фонду 2017-жылдын 16-январындагы учактын кулашынан жабыркаган адамдарга 5 миллион 127 миң сом өткөрүп беришти.

«Кандай кааласаңар ошондой жан сактагыла»: «Боингдин» кыйрашынан жабыркагандар эки айдан бери мамлекеттен жардам күтүп жатышат

Эки ата-энесинен тең ажыраган балдар 798 миң сом, жарым-жартылай жетим калгандар 300 миң сом алышты, үй-жайы жок калгандарга 60 миң сомдон берилди, курман болгон үй-бүлө мүчөлөрү үчүн адамдар 70 миң сомдон алышты.

Ал эми каражатты бөлүштүрүү боюнча өкмөттүк комиссия кыргызстандыктар чогулткан 96 миллион 532 миң сомду азырынча жабыркагандарга бөлүштүрүп бере элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Толгонай Стамалиеванын айтымында, комиссия азырынча акчаны бөлүштүрүүнүн жолун таба элек.

Стамалиева 16-марттагы акыркы кеңешмеде комиссия мүчөлөрү акчаны таратуу боюнча бардык сунуштарды четке кагып, аягына чейин иштеп келүүгө кайра жиберишкенин, кийинки отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырышканын айтты.

Дача-СУ кыштагынын жабыркаган тургундары эки айдан бери мамлекеттен жардам күтүп атышат.

«Боинг-747» 16-январда эртең менен эл жашаган үйлөргө кулап түшкөн. Кырсыктын айынан 39 курман болуп, 26 үй талкаланган. Чыгашанын суммасы 186 миллион сомду түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: