Кыргызстан: «Себат» түрк лицейлери «Сапат» деп аталып калды

Кыргызстанда «Себат» түрк лицейлери «Сапат» деген атка көчтү. Бул мектептер менен лицейлердин түзүүчүлөрүнүн курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирди. Бул чечим окуу жайларын «террористтик коркунуч» тууралуу күмөн саноодон арылтыш үчүн кабыл алынды.

«Себаттын» басма сөз кызматы мектептерде логотип, корпоративдик стиль жана окутуу модели өзгөртүлө турганын кабарлады. Кыргызстанда «Себат» түйүнүнө кирген 30дай билим берүүчү мекеме иштейт. Жалпысынан аларда 12000дей киши окуйт.

«Себаттын» атын «Сапат» кылып өзгөртүүнү президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 1-декабрында басма сөз жыйынында сунуш кылган.

«Мен Гүленди тааныбайм, бирок “Себат” мектептерин Түркия менен Кыргызстанда төңкөрүш даярдаган саясий уюмдар менен чаташтырыш акылга сыйбаган нерсе. Биз “Себат” эмне менен алектенээрин билебиз», — деген ал.

Президент мектептер жабылбай тургандыгын, бирок аларда көзөмөл күчөй тургандыгын айткан.

Ал бул мектептердин жаңы уставын иштеп чыгып, Билим берүү министрлиги лицейлер тармагынын негизги түзүүчүлөрүнүн бири болушуна кам көрүүнү тапшырган.

2016-жылы июлдун ортосунда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кыргызстандыктарды «террор коркунучу» тууралуу эскерткен. Анын айтымында, андай коркунучту «Ататүрк-Алатоо» университети курамына кирген «Себат» билим берүү мекемелери пайда кылат.

Чавушоглу коомдук ишмер Фетхулла Гүлен түзгөн окуу жайларын жабууга үндөгөн. Кыргызстандын ТИМи Түркияны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

Гүлен 2016-жылдын июлунда Түркияда аскердик төңкөрүш кылууга аракеттенди деп айыпталган.

Төңкөрүш аракетинен кийин өлкөнүн бийлиги Гүлен негиздеген окуу жайларын жаап кирген. Бүт өлкө боюнча миңдеген окутуучулар кармалып, бийлик аларды «террорчул идеяларды» таркатты деп күнөөлөгөн.

Гүлен өзү АКШда жашайт. Түркия өкмөтү АКШнын жетекчилигинен аны депортациялоону талап кылган, бирок ал азырынча Кошмо Штаттарда эле жүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: