Баткен: Милиция алты жашар кызды зордуктоо боюнча шектүү кишини кармады

help me!

Баткен облусунда милиция алты жашар кызды зордуктоо боюнча шек санап 34 жаштагы эркекти кармады. Соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кыз ооруканада.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге кабарлагандай, 30-мартта милицияга жабыркаган кыздын чоң энеси кайрылып, небереси балдар аянтчасынан жоголуп кеткенин билдирген.

Бир нече сааттан кийин ошол эле күнү кечинде алты жашар кыз ээн жерден табылган. Баштапкы медициналык кароо баланын жыныстык зомбулукка кабылганын көрсөткөн.

Изи сууй электе шектүү киши да кармалган. Осмонбаевдин айтымында, тергөөдө анын зордуктоого тиешеси бар экендиги тууралуу айныгыс далилдер бар.

«Ал тергөө изоляторуна киргизилди. Соттун чечими менен ал тергөө бүткүчө эки ай камакта болот», — деди Осмонбаев.

Азырынча шектүү киши кызды үйүнөн бир нече чакырым алыс жерге алып кеткени белгилүү.

«Шектүү киши кызды балмуздак мененби, чипс мененби айтор кызыктырып балдар аянтчасынан алып кеткен», — деди Осмонбаев.

Кыздын ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүрүшөт, баланы азыр ооруканада кошо жаткан чоң энеси карап жүргөн. Балага медициналык да, психологиялык да жардам көрсөтүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: