Журналист Кыязов «Атамбаевди сынга алган материалдардан улам» опузага кабылды

Журналист Эрнис Кыязов өзүн белгисиз адамдар опузалаганын билдирди. Алар анын коомдук түйүндөрдө Атамбаевди сынга алган макалаларын жарыялоону токтотушун талап кылышкан. ИИМ журналист мекемеге арыз менен кайрылбаганын билдирди.

Кыязов «Фэйсбуктагы» өз барагында 5-апрелге караган түнү анын дарбазасын белгисиз адамдар өздөрүн кошуна деп тааныштырып каккылаганын жазды. Ал дарбазадан чыкканда тигилер аны көйнөгүнөн кармап алып силкип киришкен.

«Интернеттен Садыр Жапаров менен болгон маектерим, ажого сын айткан "Багыт", "Сөз ирмем" деген көрсөтүүлөрдү жарыялоону, фейсбукка ой пикир жазууну токтотушум керек экен», — деп жазды ал.

Журналист бул адамдардын талабын аткарбай тургандыгын жана президентке сын пикирин жаза бере турганын билдирди. Анын айтымында, ал өз каналдарынан жана барактарынан посттор менен видеолордун баарын алып салган күндө деле алар башка булактарда чыга берет.

Кыязов бул жорук азыркы бийликтин атайын тапшырмасы менен болгон эмес деп эсептейт.

«"Айттырбай эле өздөрү билип" түнү үйүмө келип коркутуп коюуну каалагандардын планынан президенттин кабары такыр жок экенине мен толук ишенем. Бул тек гана, президентке акаарат айткандарды тыюу жолу менен “президентке жардам берип жатабыз” деп жаткан берки жактагы чоң муштум жасоолдордун майда иши деп шектенип турам», — деди ал.

Бирок 5-апрелдин кечинде ал өзү үчүн үй-бүлөсү маанилүү экенин билдирип, «Фэйсбуктагы» постун гана эмес, барагын да өчүрүп салды.

«Өчүрдүм баарын, тынчтык бергиле, достор, мага үй-бүлө маанилүү», — деп жазды ал.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Кыязовдун билдирүүсүн интернеттен көрүшкөнүн, анын айткандары боюнча текшерүү жүргүзүшөөрүн билдиришти. ИИМдин маалыматы боюнча ал милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Эрнис Кыязов журналист катары НТС, «ОшТВ» телеканалдарында иштеп, Kalempir.kg сайтына жазып, акыркы убакта өз барагында мурдагы депутат Садыр Жапаров тууралуу пикирлерин жарыялап келген.

Авторлошу: Сезим Каныбекова


ТЕМА БОЮНЧА: