Петербургдагы террордук чабуул: Акбаржонду Оштогу жакындары кантип эскеришет?

Орусиянын бийлик өкүлдөрү 22 жаштагы Акбаржон Жалиловду Петербург метросунда анын өзү менен кошо 14 киши курман болгон террордук чабуул боюнча айыпташты. Анын балалыгы өткөн Оштогу жакындары аны кандай адам катары эстеп калышты?

Петербург метросунда 3-апрелде жарылуу болуп, анын натыйжасында 14 киши каза таап, ондогон адамдар жабыркаган. Орусиянын Тергөө комитети башкы шектүү деп балалыгын Кыргызстандын Ош шаарында өткөргөн Орусиянын жараны, 22 жаштагы Акбаржон Жалиловду жарыялады.

Kloop.kgнин кабарчысы Акылай Каримова Оштогу Акбаржондун жакындары менен сүйлөшүп көрүп, тергөөнүн версиясы боюнча эл түшкөн вагондо өзүн жардырып жиберди деген 22 жаштагы бул жигитти алар кандай түрүндө эстеп калышканын билип келди.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154523343824639/

«Үй-бүлөдөгү эң тил алчаак бала»

Акбаржондун туугандары анын Санкт-Петербургдагы террордук чабуулга тиешеси бар деген кабардан дагы эле дендароо абалда. «Ал күнү-түнү иштеп жүрсө, спорт менен алектенсе, достору менен сүйлөшүп турса ал кантип террордук топтордун катарында болушу мүмкүн?» — деп сурайт Акбаржондун жеңеси Яркиной.

Акбаржон Жалиловдун туугандарынын үйү. Сүрөт: Акылай Каримова

Ал Акбаржон намаз окуп, мечитке жума сайын барганын, бирок анчалык деле динчил болбогонун айтты.

«Башкалардай эле намаз окучу. Окуса эмне экен? Баарыбыз мусулманбыз. Бирок ал андай деле [динчил] эмес болчу. Ал айрык жинсы шым кийген балдардан эле», — деди жеңеси.

Анын айтымында, Акбаржон үй-бүлөдөгү эң тил алчаак бала болчу.

«Казан ас десең асат, өзү отун жарат. "Инилериңди карап кой" десең сөзсүз карайт. Ал тургай эжеси да үйдө анчалык жардам берчү эмес», — деди жеңеси.

Акбаржондун ата-энеси Kloop.kgге комментарий бере алган жок — аларды кыргыз атайын кызматтары уулунун метродогу террордук чабуулга тиешеси жөнүндө суракка алышкандан кийин алар Санкт-Петербургга учуп кетишкен.

«Мүнөзү жумшак жана уялчаак»

Алгачкы сегиз классын Акбаржон Токтогул Сатылганов атындагы №26 мектепте окуган. Мугалимдери аны «сүрөт тартканды жакшы көргөн», «ак көңүл, жоош бала» катары эскеришет.

Фатима Кадырахунова Акбаржонго өзбек тилинен жана адабиятынан сабак берип, анын класс жетекчиси болгон. Анын айтымында, Акбаржон «мүнөзү жумшак жана уялчаак» болчу.

Мугалим Фатима Кадырахунова. Сүрөт: “Азаттык”

«Анын үстүнөн эч ким эч качан арызданчу эмес. Мен анын мушташмак тургай дегеле бирөөгө жаман сөз айтканын көргөн жокмун», — деп эскерет Кадырахунова.

Ал Акбаржонго сабакка жетишпегенинен башка эч кандай дооматы болбогонун айтат. Жалилов орточо эле окуптур — орус тили менен информатика боюнча жакшы баа алып, өзбек тилинен болсо үч алчу экен.

«Мен андан эмне үчүн диктант менен текшерүү иштен жаман баа алганын катуураак сурап койсом эле ыйлап жиберчү. Кыздар да андай кылган эмес», — дейт ал.

Кадырахунова анын мурдагы окуучусу террордук чабуул боюнча шек саналып жатканы тууралуу мектеп директорунан билген, ал аны метродогу жарылуунун эртеси күнү мектепке келген журналисттерге Акбаржон тууралуу маалымат берүүнү суранган.

Мугалим эжейи журналисттер тергөөнүн жыйынтыгын күтпөй эле Жалиловду «террорист-жанкечти» деп атап ийишкенине капа болду.

«Үй салгысы келген»

Акбаржондун белгисиз бойдон калгысы келген досу жана кошунасы метродогу террордук чабуул жөнүндө киши ташып жүрүп түн ортосунда билген. Ал оозунан келмеси түшүп, досу террорчу-жанкечти болушу мүмкүн экенине эч ишенген жок.

«Мен автоунаада отуруп «Фэйсбукту» барактап жаткам. Бир жерде террорчу-жанкечтинин фамилиясы менен жаңылык жүрүптүр. Ага деле көңүл бурган эмесмин. Башка бир жаңылыкта анын сүрөтүн көрө калып таң калганымдан секирип кеттим. Дароо үйгө келип, атамды ойготуп, сүрөттү көрсөтүп, ал (Акбаржон) метрону жардырган деп айтып жатышканын айттым», — дейт ал.

Акбаржон Жалиловдун ата-энесинин үйү. Сүрөт: Акылай Каримова

Кошунасы Акбаржонду дайыма күлүп жүргөн ак көңүл, жоопкерчиликтүү жигит катары эскерет. Ал досунун кайсы бир террордук топторго же диний агымдарга аралашканына ишенбейт.

«Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени ал өзү да, туугандары да андай эмес болчу. Ал иштерман жигит эле, мен анын динчил жагына өзгөрүп баратканын деле байкаган эмесмин. Ооба, биз мечитке барып намаз окуп коёбуз. Бирок бул баарыбыз фанатикпиз деген сөз эмес да. Ал деле андай эмес болчу», — дейт ал.

«Аны менен сүйлөшүп көрсөңүз ал жөнүндө жаман ойлогондон да уялмаксыз. Менин досторум менен тааныштарым көп, бирок мен "жинди" деп да урушпаган жападан жалгыз досум ошол болчу. Ушундай жакшы жигит эле», — деп сөзүн улады кошунасы.

Ал Акбаржон үй салганга акча тапкысы келгенин, «өлгүсү келген же өлүмгө даярдаган адамга окшобогонун» айтты.

Акбаржон Жалиловдун ата-энесинин үйү. Сүрөт: Акылай Каримова

«Ал үйдө балдардын улуусу эле, биздин салт боюнча ал өзүнчө түтүн булатып, ата-энесинин үйү болсо эң кичүүсүнө калышы керек. Ошондуктан ал дагы акча таап, өзүнө үй салсам деп пландап жүргөн», — деди ал.

Акбаржондун досу азыр бир кезде Жалилов менен дос болгондордун баары аны тааныганын танып жатышканын айтты — алар атайын кызматтардын куугунтугунан коркуп жатышкан экен. Бирок ал өзү досунан баш тарайын деген ниети жок, анткени «Акбаржон мага да, башкага да эч кандай жамандык кылган эмес» деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: