Москвадагы 14 кыз-келиндин өмүрүн алган өрт боюнча иликтөө аяктап иш сотко өттү

Орусиянын тергөө комитети Москвада 14 кыргызстандык кыз-келиндин өмүрүн алган басмаканадагы өрт боюнча иликтөөсүн аяктады. Басмакананын директору Сергей Москвин менен инженери Антон Яцков өрт коопсуздугу боюнча талаптарды аткарбаганы боюнча айыпталып, иш сотко өткөрүлүп берилген.

Орусиянын тергөө комитети кабарлагандай, өрт боюнча иликтөө аяктап, соттук кароо үчүн өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өрт бузук жарык чыгаруучу жабдыктан улам келип чыккан. Өрт жалындап тез эле имаратты каптап кеткен.

«Ошондой эле имараттын курулушундагы өз алдынча өзгөртүүлөр өрт учурунда кызматкерлерге эч кандай тоскоолдуксуз бөлмөдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк берген эмес», — делет комитеттин билдирүүсүндө.

Алтуфьев шоссесинде жүз берген өрттөн 17 адам каза таап, анын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болгон. Өрт 27-августта эртең менен Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан басмакананын кампасынан чыккан. Өрттүн себеби катары лампочканын зымынын тийишип кеткенин айтылган. Алар 4-кабатта кийинип чечинчү бөлмөгө камалып калып, иске ууланып каза табышкан.

Басмакананын генералдык директору Сергей Москвин өзү милицияга  күнөөсүн мойнуна алып келген.

Ал эми басмакананын инженери Антон Яцков тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан 14-сентябрда кармалган.

Сот аларды иликтөө иштери жүрүп тургуча тергөө абагына камаган. Сот 2017-жылдын мартында директор менен инженердин абак мөөнөтүн апрелдин аягына чейин узарткан. Москвин менен Яцков беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: