Транспорт министрлигинин беш кызматкери жолдордун чуңкурлары сапатсыз оңдолгону тууралуу видеодон кийин иштен кетирилди

Транспорт министрлигинин беш кызматкери Чүй облусунун Беловодское айылында жолдун чуңкурлары сапатсыз оңдолуп жатканы тууралуу видеотасма интернетке тарап кеткен соң кызматтан кетирилди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Беловодское айылында жолдун чуңкурлары сапатсыз оңдолуп жатканына нааразы болду.

Бул көлчүк толуп калган чуңкурдун кырына жол кызматынын жумушчусу чайыр куюп жатканы тартылган видеону «Фэйсбуктун» колдонуучулары 8-апрелде чыгарышкандан кийин болду.

https://www.facebook.com/elitasatirasy/videos/825493057625584/

Жээнбековдун айтымында, жол кызматынын өкүлдөрү өз милдеттерин туура аткарбаганы үчүн жазага тартылышы керек.

«Видеотасма көп нерседен кабар берип турат. Бул факт өлкөдөгү жарандык коомдун жандуу позициясынын шарапатынан улам ачылып отурат. Тилекке каршы, мындай фактылар тууралуу дайыма эле сөз боло бербейт. Өз ишине кайдыгер жана жоопкерчиликсиз мамиле кылган жетекчилер мыйзам боюнча жоопко тартылышы керек», — деди Жээнбеков.

Ошондон кийин жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов Транспорт министрлигинин төмөнкү беш кызматкерин иштен кетирди:

  • Амангелди Молдоболотов, № 1 жол пайдалануу ишканасынын (ЖПИ) башчысы;
  • Кубанычбек Аманов, жол чарба департаментинин № 1 аймактык бөлүмүнүн башчысы;
  • Куштарбек Аманов, № 1 ЖПИнин башкы инженери;
  • Шабдан Иманкулов, жол чарба департаментинин директорунун экономика боюнча орун басары;
  • Жумаш Содомбаев, жол чарба департаментинин директорунун өндүрүш боюнча орун басары.

Автомобиль жолдор башкармалыгынын башчысы Мелис Алыпсатаров эскертүү алды.

Министр көзөмөлдүн жоктугу үчүн өз орун басары Азимкан Жусубалиевге жана жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш жарыялоону да сунуш кылды.

Өкмөт башчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка бул фактыны кылдат иликтеп, кылмыш ишин козгоого чейин катуу чара көрүүнү тапшырды.


ТЕМА БОЮНЧА: