Ишкерлер өз соода жайларын жер астындагы өткөөлдөр оңдолуп бүткөн соң ордунда калтырууну талап кылышууда

Бишкектеги «Айчүрөк» дүкөнүнүн жана Филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлдөрдө соода кылган 100дөн ашуун ишкер өткөөлдөр оңдолуп бүткөндөн кийин аларды соода жайларынан ажыратпоону талап кылышууда. Мэрия буга чейин күркөлөрдүн чейрек бөлүгүн гана калтырып, аларды конкурс менен бөлүштүрө турганын билдирген.

Жер астындагы өткөөлдөрдүн соодагерлери президенттик администрациянын жанына митингге чогулушту. Алар Бишкектеги жер астындагы өткөөлдөр оңдолуп бүтсө өз иш орундарын калтырууну мэриядан талап кылышты.

«Жаңы долбоор боюнча алар 19 орун берет экен, биз болсо 85 кишибиз. […] Биз конкурс кантип өткөрүлүп, ал орундар кантип бөлүштүрүлөөрүн билбейбиз», — деп арызданды ишкер Айтай Өмүрова.

Анын айтымында, көптөгөн ишкерлер ишин өнүктүрүүгө насыя алышкан. Эгерде алар иш ордунан ажырай турган болсо карызын төлөй албай калышат.

«Үйүмдү насыяга күрөөгө койгом. Демек төлөй албай калсам үч балам жана чоң энем менен көчөдө калганы жатам. […] Жок дегенде бир жыл мурун айтышса насыя албайт элем», — деди Өмүрова.

Ишкер Бакыт Жанабаев да күркөсүндөгү ишинен ажыраса насыясын төлөй албай кала турганын айтып даттанды.

«Бул күркөлөр жарым жыл мурун жеке менчик болчу. Аларды сатуу-алуу келишимдери түзүлгөн. Мен күркөнү 40 миң долларга сатып алгам, анын ичинен 35 миңин беш ай мурун насыяга алгам. Бул күркө ошол карызды убактысы келгенде жабышы керек болчу. Азыр болсо бизге жөн эле “кеткиле” деп жатышат», — деди Жанабаев.

Бишкек мэриясынын өкүлү Султан Өмүров митингдегилерге мекеме «альтернативалык варианттарды» караштырып жатканын айтты.

«Бул багытта жаңы иш орундарын издейбиз. Варианттар бар. Конкурс өткөндөн кийин комиссия соодагерлердин талаптарын эске алып, ошол абалга жараша чечим кабыл алат», — деп билдирди Өмүров.

Ал өткөөлдөрдөгү соода орундарынын так санын «иштин баары бүткөндөн кийин гана» аныктаса болоорун айтты.

«Азыр эскиздик долбоору бар, аны негиз катары алганга болбойт», — деди Өмүров.

Мэрия жер астындагы өткөөлдөрдү быйыл 15-апрелден тартып оңдогону жатат.

Азыр аларда 160тай соода түйүнү бар. Оңдоо иштеринен кийин мэрия 40тай күркөнү калтырууну пландаштырууда.

Жер астындагы өткөөлдөрдү оңдоого мэрия 70 миллион сом жумшаганы жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: