Сот Адил Турдукуловду Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Биринчи май райондук соту оппозициячы Адил Турдукуловду президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевге 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Турдукулов Мамбеталиев тууралуу «Фэйсбукта» эки жыл мурун жазганы ар-намыска доо кетирет деп табылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Турдукуловду моралдык зыяндын ордун толтуруудан тышкары анын эки жыл мурун Мамбеталиев тууралуу «Фэйсбукта» жазган эки постун төгүнгө чыгарууга милдеттендирди.

Турдукулов соттун бул чечимин жарандык коомго кысым көрсөтүү аракети деп атады.

«Бул сот органдары көп жагынан башкача ойлонгондорго — жарандык активисттерге, саясатчыларга, оппозициячыларга же жөн эле блогерлерге кысым көрсөтүүнүн куралы болуп жатканын көрсөтүп турат», — деди ал.

Турдукулов өзүнүн Мамбеталиев тууралуу пикири өзгөрбөгөнүн жана «Фэйсбукта» төгүндөө жазууга ниети жоктугун билдирди.

«Азыр биз кеңешип жатабыз жана балким соттун чечимине каршы даттанышыбыз мүмкүн», — деди ал.

Ар-намысты коргоо

Мамбеталиев оппозициячы Адил Турдукуловго каршы «ар-намысты коргоо тууралуу» доо арызын 2016-жылдын 21-ноябрында берген.

Турдукулов өз жазууларынын биринде Мамбеталиевди «киши өлтүргүч» деп атаган, экинчисинде ал 2010-жылы «Атамбаевдин жардамы болмоюнча» түрмөдөн чыкмак эмес деп жазган.

Мамбеталиев жарык көргөн маалыматтар ага моралдык зыян келтирип, «кабатыр болуп, ачуум келип, уят болдум» деп эсептеген.

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Турдукуловдун жазуусунан тарткан моралдык зыянын беш миллион сомго баалаган.

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы

Эркин Мамбеталиев биринчи президент Аскар Акаевдин убагынан бери эле Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп келген. Мамбеталиев Атамбаевди 2005-жылга чейин коргоп жүргөн.

Мамбеталиевди кылмыш дүйнөсү менен да байланыштырып жүрүшөт, көп учурда аны Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деп атап жүрүшкөн.

Президенттин мурдагы жан сакчысы бир нече жолу, 2004-жылы, андан соң 2006-жылы кармалган. Эки кармалышы тең милициянын полковники Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болгон. Кийинчерээк Мамбеталиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою камакка кесилген.

Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин Мамбеталиевдин иши «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: