Дача-СУ: Жабыркагандар милициянын кысымына кабылганын айтууда

«Боинг-747нин» кулашынан жабыркаган Дача-СУ айылынын жашоочулары милиция алардын кыштагындагы адамдарды кармап жатканын билдиришти. Алардын айтымында, кыштак тургундары көчүрүп кетүүнү талап кылып президенттик администрациянын алдына митингге чыккандан кийин камакка алмай башталды. ИИМ кыштак тургундарынын сөздөрүн төгүнгө чыгарууда.

Дача-СУнун тургундары 11-апрелде президенттик администрациянын алдына митингге чыгышкандан кийин аларга милиция кысым көрсөтүп жатканын Kloop.kgге айтып беришти.

Дача-СУ кыштагынын тургуну Капар Kloop.kgге милиция митингдин эки башчысы менен уюштуруучусун кармап кеткенин айтты.

Анын сөзүнө караганда, кармалгандардын бирөө коё берилген, экинчисинин тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз.

Капар 18-апрелде эртең менен милиция митингдин дагы бир уюштуруучусу Базаркулду алып кетүүгө аракет кылганын, бирок жергиликтүү тургундар ага жол бербей коюшканын да айтты.

«Милиция кызматкерлери жөн гана бул киши каттоодо турганын жана ошондуктан аны алып кеткиси келип жатышканын айтышты», — деди ал.

Милициянын кысымы тууралуу маалыматты Kloop.kgге Дача-СУнун Адыл аттуу дагы бир тургуну ырастады.

Активист Руслан Бекназаров «Фэйсбукта» милиция кызматкерлери беш күн бою Дача-СУ кыштагынын тургундарын акмалап жүрүшкөнүн жазды.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Дача-СУнун тургундарынын билдирүүсүн четке какты. Анын айтымында, кыштак тургундары олуттуу себеп болсо гана кармалышы мүмкүн.

«Дача-СУнун тургундарынын милиция кысым көрсөтүп жатканы тууралуу айтышканы өзүнчө эле фантастика», — деди Осмонбаев Kloop.kg менен болгон маекте.

Дача-СУнун тургундарынын митингдери

Дача-СУнун жабыркаган жашоочулары эки жолу митингге чыгып, бийликтен аларды коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышкан.

Алар кыштактын үстүнөн такай өткөн учактардын айынан өмүрү үчүн кооптонушат.

Алар бийлик курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө эмгиче кун бөлүштүрүп бербегенине да нааразы.

Кыштак тургундары бийлик аракет кылбаса алда канча чоң митинг уюштурууга убада беришүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 17-апрелде бош жер жоктугунан улам Дача-СУнун тургундары көчүрүлбөй турганын билдирди.

Жээнбеков «Боингдин» кулашынан улам курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө кун төлөнөт деп убада берди.

«Боинг» кулагандан кийин Кыргызстандын ӨКМинин эсебине 100 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн, түрк компаниясы да өкмөттүн эсебине 42 миллион сом которгон. Бирок ал каражаттар эмгиче жабыркагандарга бериле элек.

Жүк ташуучу «Боинг-747» 16-январда «Манас» аба майданына май куя кетиш үчүн конгонго жетишпей калып Дача-СУ кыштагына кулап түшкөн. Кырсыктын натыйжасында 39 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү курман болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: