Кыргызстандыктар Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Макулдашуу 25-апрелде күчүнө кирет.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө ала турган макулдашууну ратификациялады. Ошондой эле эрежелер Кыргызстанга келмекчи болгон Казакстандын жарандарына да тиешелүү болот.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы документ 25-апрелде күчүнө кирээрин кабарлады.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү бул тууралуу 2016-жылдын 17-октябрында эле макулдашкан, бирок парламент мыйзамды 2017-жылдын мартында гана колдоду.

Макулдашууну ратификациялоо эки коңшулаш өлкөнүн жарандарынын бири-биринн аймагында жүрүшүн жеңилдетет. Мурда эки өлкөдө тең каттоо мөөнөтү беш күн болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: