Кыргызстан 92 өлкөнүн жарандары үчүн каттоону жеңилдетти

Кыргызстанга келүү Евробиримдиктен, АКШдан жана КМШдан келген туристтер үчүн кайрадан жеңил болот — премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 92 өлкөнүн жарандары үчүн каттоосуз жүрүүнүн мөөнөтүн узарта турган токтомго кол койду.

Иш жүзүндө өкмөт 92 өлкөнүн жарандары үчүн беш күн ичинде каттоого туруу мөөнөтүн жокко чыгарды, ал эреже 4-ноябрдан бери киргизилген болчу.

Каттоосуз жүрүүнүн эң узак мөөнөтү дүйнөнүн тогуз өлкөсүнүн жарандары үчүн коюлду, алардын арасында Украина, Грузия жана Түркия бар. Каттоонун эң кыска мөөнөтү Ирандын жарандары үчүн 8 күн, Түркмөнстандын жана Азербайжандын жарандары үчүн 10 күндөн болмок болду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, жаңы токтом документтер жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эржигитов эрежени бузгандар үчүн штрафтын өлчөмү мурдагыдай эле 10 миң сом бойдон калаарын кошумчалады.

«Өкмөттүн сайты [токтомду] жарыкка чыгарганы жарыялоо катары эсептеле берет. Ага жумуш күнү бүтүп баратканда кол коюлган. Эми бул буйрук бардык паспорт столдорунда болот. Эртеңден баштап ал иштей баштайт», – деп билдирди Эржигитов.

Чет өлкөлүктөрдүн ыңгайы үчүн Мамкаттоо үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде каттоонун контактысыз электрондук системасын ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө жана каттоонун мөөнөтүн аныктоодо бийлик паритет принцибин колдонгон — башкача айтканда ал өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары үчүн кандай каттоо мөөнөтү каралса, негизинен ошондой эле мөөнөт киргизилген.

Кыргызстан тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол койгон өлкөлөр үчүн өзүнчө эрежелер иштейт. Алсак, Казакстандын жарандары 30 күн катталбай кое алат, Беларустун жарандары турист катары келсе 7 күн ичинде, Кыргызстанда иштегени келсе 30 күн ичинде катталат.

Картада жарандарына Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылган бардык өлкөлөр белгиленген:

Кыргызстанга келатканда визанын кереги жок болгон өлкөлөрдүн жарандары

Жаңы токтом 4-ноябрда күчүнө кирген «Тышкы миграция жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынгандан бери чет өлкөлүктөр башынан кечирип жаткан кыйынчылыктарды чечүүгө тийиш.

Ошондон бери Орусиянын жарандарынан башка бардык чет өлкөлүктөр беш жумуш күнү ичинде каттоого турушу керек болчу. Бул эрежелер туристтерге ыңгайсыз болуп, алар тил бөгөтү жана маалыматтын жоктугу, ошондой эле каттоого туруш үчүн ыңгайлуу инфратүзүмдүн жоктугу тууралуу арыздана башташкан.

Кыргызстандыктар да жаңы эрежелер тууралуу даттанып киришкен. Мисалы, туризм тармагында иштеген караколдук ишкерлер президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, беш күндүк чектөөнү алып таштоону өтүнүшкөн. Алардын пикиринде, бул катуу мөөнөттөр тоо-чаңгек сезонун жана жалпы эле туризмди үзгүлтүк коркунучуна алып келди.

ТЕМА БОЮНЧА: