Ош: 11 жашар кызды зордуктоо аракети боюнча шектүү киши акталып чыкты

Ош шаардык соту 11 жашар кызды зордуктоо аракети боюнча шектүү кишини актап чыкты. Соттолуучу сот залында бошотулду.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова 11 жашар кызды зордуктоо боюнча шектүү кишини сот актап чыкканын билдирди.

Анын айтымында, сот жабыркаган тарапты отурум жөнүндө күн мурунтан эскерткен эмес, ошондуктан ал жабыркагандардын адвокаты катышпастан өткөн.

Кыздын үй-бүлөсү чечимге каршы облустук сотко даттанууга ниеттенүүдө.

Кылмыш иши козголгондон кийин шектүүнүн туугандары жабыркаган кыздын үй-бүлөсүн опузалай башташкан.

2017-жылдын 12-январына дайындалган отурумдардын бирин сот айыпталуучунун адвокатынын жоктугунан улам кийинкиге калтырган.

Процесстин катышуучулары залдан чыгышканда соттолуучунун туугандары жабыркаган кыздын энесине жана анын адвокатына атырылып, аларды сабап, кемсинтип киришкен.

Укук коргоочулар жабыркаган кыздын үй-бүлөсүн өз айылында коркунучка кириптер кылбаш үчүн аларды Бишкекке чыгарып кетишкен. Жабыркаган кыздын энеси ооруканага түшкөн. Бул факты боюнча «Ээн баштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү киши Ош облусунун Ноокат районунун мурдагы акими Бекболот Айтиевдин жээни болот.

Зордуктоо аракети

Өзүнүн 11 жашар кызы зордуктоо аракетине туш болгонун Ош облусунун Ноокат районунун Борбаш айылында жашаган аял 12-июнда билдирген.

Жабыркаган кыздын энеси ошол күнү алардын огородун суу басып кеткенин айтып берген. Анын эки кызы суунун агымын азайтыш үчүн каналга барган экен. Аларга ошол жерден 30 жаштагы кошунасы кол салган.

Кошунасы бычагын сууруп чыгып аялдын улуу кызын зордуктагысы келгенин айткан. Ал кызды буту менен жерге басып алган. Кичүү кызы ага таш ыргытып, кол салган эркек бычагын түшүрүп жибергенде кыздар качып кетүүгө үлгүргөн.

Жабыркаган кыз көптөгөн жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасында 10 күн жатып чыккан.

Ноокат районунун прокуратурасы 14-июнда кылмыш ишин козгоп, 30 жаштагы кишини колго түшүргөн.

Сүрөт: Жабыркаган үй-бүлө. Булагы: “Кылым шамы” коомдук фонду


ТЕМА БОЮНЧА: