Сот Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту оппозициячы Өмүрбек Текебаевди камакка алуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ТИЗОсунда быйыл февралдын аягынан бери отурат.

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова Kloop.kg менен болгон маекте сот Текебаевге карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырганын ырастады.

Дагы бир оппозициячы Дүйшөнкул Чотонов да 25-майга чейин камакта калат.

Оппозициячылардын тарапкерлери алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну талап кылышты. Алар Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Чотонов менен Текебаевди колдоп митинг өткөрүштү.

Депутаттын 100гө жакын тарапкери анын кичи мекени болгон Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында да нааразылык акциясына чыгышты.

Текебаевдин камалышы

Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев ТИЗОдо 26-февралдан бери отурат. УКМКнын кызматкерлери аны «Манас» аба майданында кармашкан, андан бир күн мурда ага каршы «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Бийлик Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» компаниясын башкарууга жол ачып берүүгө убада берип, андан пара алган деп билдирүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, депутат Чотонов Текебаев менен Маевскийдин арасында ортомчу болгон.

Текебаевдин тарапкерлери буга чейин деле Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече күн катары менен далай жолу митингге чыгып келишкен. Депутаттын кызматташтары Текебаевдин камалышын «саясий куугунтук» деп аташкан.

Оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук соту 27-февралда Текебаевди 2 айга камакка алып, кийин камак мөөнөтүн 25-майга чейин узартты.


ТЕМА БОЮНЧА: