БШК: Айрым саясатчылар үгүт иштерин эрте башташты

Боршайком президенттикке талапкерлерди үгүт белгилери бар материалдарды таратууну токтотууга чакырды. Мыйзам боюнча шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлер катталгандан кийин башталышы керек.

Айрым партиялар эмитен эле президенттикке өз талапкерлерин көрсөтүшкөнүн жарыялашты. БШК айрым саясий бирикмелер үгүт өнөктүгүн өтө эле эрте баштап жиберишкенин билдирүүдө.

«Айрым [партиялар] президенттик шайлоого талапкер катары катышуучулар тууралуу материалдарды жигердүү тарата башташты. Талапкерлердин өздөрүнүн көптөгөн маектери менен электрондук жана басылма ЖМКларда сүйлөгөн сөздөрүндө да шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери бар», — деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

Атап айтканда, «Республика — Ата-Журт» партиясынын башчысы Өмүрбек Бабанов, «Ак шумкар» партиясынын башчысы Темир Сариев, «Өнүгүү — Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев эмитен эле аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрө башташты.

Боршайком мөөнөтүнөн эрте үгүткө жол берилбей турганын билдирди. Мыйзам боюнча президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү бардык катышуучулар катталып бүткөн соң башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулушу керек.

Бирок талапкерлер катталып бүтө элек, шайлоо боло турган күн дайындала элек.

Кыргызстандын бийлиги азырынча президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча бир пикирге келе элек. Боршайком шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керек экенин билдирген.

Бирок оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясы шайлоону 2017-жылдын августунда өткөрүш керек экенин билдирди. Атамекенчилер шайлоо 19-ноябрда өтө турган болсо 1-декабрда жаңы президент өз милдетин аткарууга киришкенге жетишпей калаарын айтышууда.

Ошондон кийин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуш кылган. Анын пикиринде, эгерде ноябрда добуш берүүнүн экинчи айлампасын өткөрүш керек болуп калса, аны жаңы жылдык майрамда өткөрүүгө туура келип калат.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: