Бишкекте «Мерседес» бир өспүрүмдү сүзүп өлтүрүп, качып кетти

«Кудайберген» базарынын жанындагы жөө чыйырда 10-май күнү кечинде 15 жашар баланы автоунаа сүзүп өлтүрдү. Айдоочу окуя болгон жерден качып кетти, баштапкы маалыматтар боюнча ал ак «Мерседес» минип жүргөн.

Автокырсык 10-май күнү кечинде Патрис Лумумба көчөсүндө «Кудайберген» базарынын жанында болду.

Кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдиргендей, азыр айдоочунун өздүгү жана жүргөн жери такталып жатат.

«Ким айдоочу болгону белгисиз, кандай автоунаа кандай номери менен болгону так белгисиз. Көргөндөр анын ак “Мерседес” болгонун айтып жатышат», — деди ал.

Кырсыкка кабылган 15 жашар бала алган жаракаттарынан улам ооруканада жан берди.

Милиция айдоочуну издеп жүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: