Кыргыз балбандары бир күмүш, эки коло медаль утту

Quarterfinal Kenichiro FUMITA (JPN) df. Kaly SULAIMANOV (KGZ) by FALL, 11-2

Индиянын Нью-Дели шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Эркектер арасындагы мелдештерде кыргызстандыктар үч байге – бир күмүш жана эки коло медаль утушту.

74 килограммга чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча мелдештерде турнирдин күмүш медалын Муслим Евлаев утуп алды. Квалификациялык айлампадан баштап кыргызстандык балбан ирандык жана кореялык спортчулардан озуп чыкты.

Жарым финалда Евлаев жапон балбаны Цубаса Асаини 6:2 эсебинде утуп алды. Турнирдин алтын медалы үчүн чечүүчү таймашта кыргызстандык балбанга Өзбекстандан барган Бекзод Абдурахмонов каршы чыкты. Евлаев атаандашына 0:6 эсебинде утулуп калып, күмүш медалга гана жетти.

97 килограммга чейинки салмак категориясында Магомед Мусаев коло медаль утту. Квалификацияда кыргызстандык балбан тайланддык спортчу Эккапон Жаннэни 10:0 эсебинде жеңип  чыгып, чейрек финалда болсо казакстандк Ералы Абдрашевден 7:0 эсебинде алдыга озду.

Жарым финалдык беттешүүдө Мусаев өзбекстандык Магомед Ибрагимов 1:3 эсебинде утулуп калды. Турнирдин коло байгеси үчүн таймашта кыргызстандык балбан монгол Батсул Улзисайхан менен беттешип, аны 7:2 эсебинде жеңип чыкты.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде 71 килограммга чейинки салмак категориясында Нургазы Асангулов дагы бир коло медаль утуп чыкты.

Чейрек финалдан баштап Асангулов Кытайдын өкүлү Хуцзинь Чжанды 10:5 эсебинде утту. Финалга чыгыш үчүн беттешүүдө кыргызстандык балбан ирандык Афшин Немат Байбангардга 4:5 эсебинде утулуп калды.

Турнирдин коло медалы үчүн Асангулов чемпионаттын кожоюну болгон Индиянын өкүлү Дипак Дипак менен күрөштү. Кыргызстандык балбан таймашты 8:1 эсебинде утуп чыгып, Азия чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Коло медаль утуп алуу мүмкүнчүлүгү эркин күрөш боюнча мелдеште Улукбек Жолдошбековдо да бар болчу. Чечүүчү таймашта ал Казакстандан барган Нурислам Санаевге уттуруп жиберди. 61 килограммга чейинки салмак категориясында Алибек Осмонов да коло медаль үчүн мелдештен утулуп калды.

Грек-рим стилиндеги балбан Калы Сулайманов турнирдин үчүнчү байгеси үчүн күрөштө ирандык Саман Морад Абдувалиге 2:5 эсебинде жеңилип калды.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште коло медаль үчүн таймаштан утулуп калып, Саяна Баизова жыйынтыктоочу эсепте бешинчи орунга ээ болду.

Кыргызстандыктардын ичинен Азия биринчилигинде эң мыкты натыйжаны Айсулуу Тыныбекова көрсөтүп, 58 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп келди.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты майдын 10унан 14үнө чейин Нью-Делиде (Индия) өттү.

Сүрөт: United World Wrestling


ТЕМА БОЮНЧА: