Активисттер жолдордогу ээн баштыкты токтотууну талап кылышууда

Президенттик администрациянын жанында активисттер митинг өткөрүп, бийликтен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты. Чогулгандарга Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий чыгып, шаардын жетекчилиги колунан келген нерсенин баарын жасап жатканын айтты.

Нааразылык акциясына 20дай киши чыкты. Митингди уюштуруучулардын бири Рита Карасартованын айтымында, чогулгандардын негизги талабы — жол кырсыгына байланышкан өлүмдү азайтыш үчүн бийлик эмне кылып жатканын билүү.

«Бул алгачкы акция. Биз бийликке үнүбүздү жеткирип, алар кылган иши тууралуу маалымат берсин деп жатабыз, анткени жол коопсуздугу — бул чоң, системалуу маселе, ошондуктан бүгүн суроолорубузга жооп алгыбыз келет», — деди Карасартова Kloop.kg менен болгон маекте.

Активисттер «Коопсуз шаар» долбоору дагы эле аткарылбай жатканына нааразы болушту.

«Балдарыбыз жолдордо өлүп жатканын дагы канча карап тура берели? Биз колдон келбеген нерсени сураган жокпуз, Батыш өлкөлөрүнө теңелели деген жокпуз. Жок дегенде абалы таптакыр башка кошуна өлкөлөрдүн деңгээлинде иштешсин да. […] Эмне үчүн шалаакы аткаминерлердин айынан балдар өлүшү керек? Мен баягы эки окуучудай болуп балам дөңгөлөктүн астында калышын каалабайм», — деди Карасартова.

Чогулгандарга бийликтен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий чыкты.

Ал мэрия жана башка мекемелер жолдогу өлүмдү азайтыш үчүн колдон келген нерсенин баарын жасап жатышканын билдирди.

«Биз таптакыр эч нерсе кылбай койсок көчөлөрдө үрөй учурган абал болмок. Азыр болсо тартип бар», — деди Милицкий.

Бишкек боюнча Кайгуул милиция башкармалыгынын башчысы Талант Борпиев кайгуул милициясы мектептердин жанында күн сайын күзөттө туруп, зарыл учурда балдарды жолдон өткөрүп жатканын айтты.

Борпиевдин пикиринде, инспекторлордун саны 1993-жылдан бери өзгөрүүсүз келатканы, шаарда автоунаалар көбөйгөнү маселени ого бетер татаалдаштырууда.

Натыйжада активисттер менен бийлик өкүлдөрү келип чыккан маселелерди талкуулаш үчүн биргелешкен жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Митингдин уюштуруучулары 22-майдан тартып мындай акцияларды күн сайын шаардын ар кайсы жеринде бийлик алардын талаптарын аткаргыча өткөрө бергени жатышат.

Балдарды койдуруп кеткендер

Кийинки айларда Бишкекте айдоочулар балдарды койдуруп кеткен бир катар учурлар коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

10-май күнү кечинде Бишкекте «Кудайберген» базарынын жанында 15 жаштагы өспүрүмдү автоунаа сүзүп кеткен. Өспүрүм мерт болуп, айдоочу болсо ошол эле күнү кечинде кармалган.

2017-жылы апрелдин аягында «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу Бишкекте Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлүндө бараткан эки окуучуну койдуруп кеткен. Балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу кармалып, ТИЗО-1ге камалган. Азыр окуучулардын абалы оңолуп келатат.

Нарын облусунун Оттук айылында 12-майда айылдыктар тогуз жашар баланы автоунаа коюп кеткенинен улам жолду тосушкан. Бийлик өкүлдөрү «жатма сакчыларды» орнотууга убада беришкен.

Сүрөт: Зулайка Топчубаева, «Заноза»


ТЕМА БОЮНЧА: