Оштук сүрөтчү кыз футболкаларды өзгөчө жасалгалайт

Сүрөтчү дипломун алгандан кийин Мадина Мирзакамилова кесиби боюнча Ош шаарында жумуш таппай калган. Ал эми кагазга тартылган сүрөттөр эч кимге деле керек болгон эмес. Ошондо сүрөтчү кыз жаңы фактураны өздөштүрүп, кийим менен кездемелердин үстүнөн иштей баштаган. Азыр Мадинанын колунан чыккан футболкалар оштук жаштардын арасында кеңири жайылып кетти.

Көркөм сүрөт мектебин аяктап, диплом алгандан кийин Мадина Мирзакамилова өз кесиби боюнча жумушка орношуу өтө кыйын экенин түшүнгөн. Ошондо ага кийимдерге сүрөт тартуу идеясы келген.

«Кагаздагы, холсттордогу эмгектерим — кадыресе эле сүрөттөр, шаарда алар эч кимге деле кызык эмес. Эмнеге ошол эле сүрөттөрдү кийимге тартканга болбосун деп ойлондум», — деди сүрөтчү.

Өзүнүн алгачкы иштерин ал достору үчүн жасаган, андан соң досторунун тааныштары футболкаларга табыштама бере башташкан.

«Эң биринчи табыштамалар досторум аркылуу ооздон-оозго өтүп атып эле келе баштаган. Кийин мага "Инстаграмда" барак ачууга жана ошол жакта өз иштеримди көрсөтүүгө кеңеш беришти», — деп айтты Мадина.

Мадинанын ата-энеси башында кызынын чыгармачылыгына өспүрүмдүн кезектеги эле кызыгуусу деп маани берген эмес. Кызы акча таба баштаганда гана ата-энесинин мамилеси оң жакка өзгөрүп калган.

«Менде кантип акча пайда болуп калып атканына алар таң калышты. Күнүмдүк керектөөлөргө акча сурабай калдым, өзүмө бир нерселерди сатып алып, үйгө да алып келип жаттым. Үйдөгүлөр да оң кабыл алышты», — деп айтып берди сүрөтчү кыз.

https://www.instagram.com/p/BSxuWMjl1Wa/

Мадина чет өлкөдөн атайын боёк алдырат. Боёк кездемелерге ылайыкташкандыктан оңбойт жана жууганда кетпейт.

«Басмаканада тартылган сүрөттөр ошол кооздукту жана масштабды ачып бере албайт, боёк бир канча жолу жуугандан кийин оңуп кетет. Ал эми менин колумдан жаралган сүрөттөр, бүт технологиясын эсепке алганда, өмүр бою калып калат», — деди ал.

Жаш сүрөтчү кыздын футболкалары Ошто күн сайын популярдуу болуп жатат, кардарлар да көбөйүүдө. Мадина сүрөт тартуунун жаңы ыкмасын өздөштүрөйүн деп жатыптыр.

https://www.instagram.com/p/BF_tL8lGmQk/

«Мен кандай гана кездеме болбосун, жаздык болобу, футболка болобу, үстүнө тарта алам. Дубалга, холстко жана кагазга сүрөт тарта алам. Азыр мен баллончиктер менен автомобилдерге сүрөт тартам. Кемчилиги — сүрөт жуулуп кетет, бирок бул артыкчылыгы да болуп саналат», — деп мактана кетти сүрөтчү.

Учурда Мадина Мирзакамилова ишкердикти чогуу алып кетиш үчүн жаш сүрөтчүлөрдүн командасын түзөйүн деп жатат. Анын айтымында, бардык эле сүрөтчүлөр жакшы жумуш таба албашы мүмкүн, бирок анын ишмердүүлүгу жакшы киреше алып келип, өнүгүүгө да жол ачат.


ТЕМА БОЮНЧА: