Каракол: Жолдорду капиталдык оңдоого бийлик 150 млн сом бөлүп берди

Каракол шаарындагы беш километрден ашуун жолдун оңдолушу жана жарыктандыруу пландалып жатат. Бийлик бак-дарактарды сактап калууга жана суугат системасын оңдоого убада берүүдө.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов айткандай, Караколдогу бардык курулуш иштери бир айдан ашык убакытты албайт.

«Биз бардык бак-дарактарды сактап калабыз жана сөзсүз түрдө жөө чыйырлар менен арыктардын курулушун эске алабыз. Ошондой эле электр зымдарын тартуу иштери да жүргүзүлмөкчү», — деди Калилов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт министрлигине шаар жолдорун салууну катуу көзөмөлгө алууну тапшырган.

Каражаттын негизги бөлүгүн түзгөн 90 млн сом республикалык бюджеттен берилген, ал эми 60 млн сом Ысык-Көлдүн өнүктүрүү фондунан алынган.

Караколдогу жолдордун абалы ушул жылдын февраль айында кызуу талкуу жараткан. Анда жергиликтүү тургун Фархад Расулов муниципалдык кызматтын жумушчулары шаардын жолдорундагы чуңкурларды эски асфальт менен жамап жатканын видеого тартып чыгарып салган.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев Kloop.kgге курган маегинде түшүндүргөндөй, жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүш үчүн каражат жетишпегендиктен бийлик эски асфальты пайдаланган.

Андан кийин жергиликтүү активисттер жолдорду оңдоо талабы менен нааразылык акциясына чыкмакчы болуп, бирок бийлик каражат табууга убада берген.

Арпачиевдин айтымында, Караколдун жолдорун толугу менен оңдоого 374 млн сом керектелет.


ТЕМА БОЮНЧА: