Нарындык демонстранттар чет элдик студенттерден кечирим сурашты

Нарындын жашоочулары Борбордук Азия университетинин мугалимдеринен жана студенттеринен кечирим сурашты. Бир күн мурда алар окуу жайдын студенттерин тизе бүктүрүп кечирим сураткан болчу.

Нарындын жашоочулары БАУга дагы барып, бирок бул жолкусунда окуу жайдын студенттери менен мугалимдеринен өздөрү кечирим сурашты. Жаштар чыр-чатак «түшүнбөстүктөн» улам келип чыкканын билдиришти.

Нарын шаарынын жаш активисттери студенттер менен мугалимдерге белектерди беришти.

«Жергиликтүү жаштардын өкүлдөрү университеттин эки мугалимине, анын ичинде кечээ тизе бүгүп кечирим сураган окутуучуга да сый-урмат белгиси катары улуттук баш кийим болгон "ак каплакты" кийгизишип, "Манас" эпосун тартуулашты», — деп кабарлады ИИМдин басма сөз катчысы.

Окуу жайдын жетекчилиги менен окутуучулары чыр-чатак жөнгө салынып, мындан ары жергиликтүү тургундар менен биргеликте ынтымактуу иш алып барабыз деп үмүт кылышат.

Жергиликтүү тургундар менен студенттердин жолугушуусунда ИИБнин жетекчилиги, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана университеттин деканы катышышкан.

ИИМ университеттин администрациясы менен студенттерин тизе бүгүп кечирим сураткан жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти бузганы үчүн «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

Тараптардын элдешүүсү.

Окуу жайга кирип барган Нарындын жаштарын убагында токтотуп калбаганы үчүн милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө иштери башталган.

Баскетбол боюнча чырга тиешеси бар БАУнун студенттерине карата кандай чара колдонулаары азырынча белгисиз.

Нарындын бир нече тургуну 8-июнда БАУнун имаратынын алдында 27-майдагы баскетбол мелдешинен кийин чыккан чырга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Окуу жайдын администрациясы абалды талкуулаш үчүн митингчилерди ичкериге киргизген. Бирок жергиликтүү тургундар БАУнун Тажикстандан келген студенттерин Нарындын өспүрүм балдарын сабаганын айтып күнөөлөшкөн.

Натыйжада бир нече мугалим менен студент тизе бүгүп болгон окуя үчүн кечирим сурашкан.

Сүрөт: Турмуш

ТЕМА БОЮНЧА: