Баткен менен Сүлүктүдө аттракцион парктары жабылды

Бийлик Баткен менен Сүлүктү шаарларындагы аттракцион парктары кооптуу абалда болгондуктан жапкан. Аттракциондор 20 жылдан бери оңдолбой, ал эми анын кожоюндарында уруксат кагаздары болгон эмес.

Мамэкотехинспекция кабарлагандай, Баткендин жана Сүлүктүнүн парктарындагы аттракциондор 20 жылдан бери техникалык кароодон өткөн эмес.

Мекеменин маалыматы боюнча, аттракциондорду иштеткендердин уруксат кагаздары болгон эмес. Аттракциондор токтон ажыратылып, жергиликтүү бийликке бардык эреже бузууларды оңдоо тапшырмасы берилген.

Мурун Бишкекте да эрежелер бузулгандыктан «Ататүрк» паркындагы жана «Асанбай» кичи районундагы сейил бактагы аттракциондор жабылган.

Бийлик Ош шаарындагы Навои сейил багында тегеретме кулап кеткенден кийин өлкөдөгү аттракциондорду текшерүүгө ала баштаган. Анда кырсыктан сегиз киши жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган болчу. Жабыр тарткандар азырынча кун ала элек.

Аттракцион «Балдар келечеги» компаниясына таандык болгон. Бул компаниянын директору менен орун басары ар бири 7,5 миң сомдон штрафка жыгылган.

Аттракциондун ижарачысына каршы кылмыш иши козголгон.

Сейил бактагы калган аттракциондор учурда иштеп атат.

Сүрөт: «Заноза»


ТЕМА БОЮНЧА: