Боом капчыгайы: Чет элдиктердин унаасына таш кулады

Боом капчыгайындагы тоонун боорунан атайын таш түшүрүү учурунда туристтердин машинасына таш кулады. Жабырлануучулар жок, автоунаа бир аз зыян тартты.

Караколдон Бишкекке 30-июнда кайтып келе жаткан Польшанын беш жараны менен эки кыргызстандык таш кулоого кабылышкан.

«Күтүүсүздөн таштар уча баштады, кээ бири картошка менен тең. Менин унаама алты таш тийди. Алдынкы айнектен жарака кетти, бирок эч ким жабыр тарткан жок», — деди унаанын айдоочусу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kloop.kgге кабарлашкандай, ошол убакта Транспорт министрилигинин кызматкерлери Боом капчыгайында «кескин таш кулоолордун» алдын алуу максатында таш түшүрүү иштерин пландап жатышкан. Бирок автоунаадагы чет элдиктер жөнүндө мекемедегилер билген эмес.

Атайын таш түшүүрүү иштери таш кулашы ыктымал болгон башка аймактарда дагы жүргүзүлмөкчү.

«Кийинки таш түшүрүү иштери Бишкек-Торугарт-Нарын автожолунун 31-чакырымында 3-10-июль аралыгында өтөт. Иштер саат тогуздан бешке чейин жүрүүдө. Унаалардын жүрүшүнө чектөө коюлган жок, ал эми машиналар көп топтолуп калганда, таш түшүрүү иштери токтоп жатат», — дешти ӨКМдегилер.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: