Балыкчы: Эгиздердин бири уурдалганы боюнча кылмыш иши ачылды

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын тургуну милицияга кайрылды. Анын айтымында, жергиликтүү төрөткананын врач-акушерлери анын жаңы төрөлгөн эгиздеринин бирин уурдап кетишкен. Күч органдары «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту.

Балыкчы ШИИБнин начальниги Таалайбек Абдымусаев «Азаттыкка» билдиргендей, милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Күч түзүмдөрүнө Балыкчынын тургуну Данияр Чыбыев кайрылган.

Чыбыевдин айтымында, анын жубайы Махабат Намазбекова сегиз жолу УЗИден өткөн, бардык текшерүүлөр ымыркайлар эгиз экенин көрсөткөн.

Балыкчы шаардык ооруканасында 6-июнь күнү анын колуктусуна бир эле ымыркайды беришкен.

Чыбыев эгиздердин бирин врачтар уурдап алышканын айтууда.

Бир жумадан соң улуттук коопсуздук кызматына кайрылганда аны прокуратурага жөнөтүшкөн.

Балыкчы ооруканасынын жетекчилиги айыпты четке кагууда.

Врачтар УЗИнин көрсөткөнү ката болушу ыктымал дешүүдө.

Алардын ишендиришинче, Махабат Намазбекова бир эле ымыркай төрөгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: