Бишкек: Панфилов паркында 50 метрлик тегеретме орнотулуп жатат

Парктын директору Дмитрий Петровдун билдиришинче Бишкектеги Панфилов паркына жаңы 50 метрлик тегеретмени орнотуу жайдын аягында бүтөт.

Петров «Акипресс» порталына маалымдагандай, шаарды бийиктиктен көрүүгө ылайыкташкан тегеретме Москвада жасалган.

Петровдун айтымында, орусиялык адистер аттракционду башында жабык кабина түрүндө кылууну пландашып, бирок Бишкектин ысык климатын эске алып, жарым-жартылай айнектешкен.

«Мындай кабиналардын саны сегиз болот, дагы сегизи толугу менен айнектелет. Тегеретмени кышкысын пайдануу үчүн муздаткычтар менен  жылыткычтар орнотулат», — деди ал.

Парктын директорунун айтымында, аттракционго түшүүнүн баасы азырынча тактала элек, баалар ага кеткен чыгымга байланыштуу болот.

Петров кошумчалагандай, тегеретмени орнотуу планга ылайык өтсө, август айында кодонууга берилет.

Панфилов паркындагы мурдагы ушундай эле тегеретме 2016-жылы ордунан алынган, анткени анын жабдыктары эскирип, кооптуу абалга келип калган болчу.

Сүрөт: «АКИпресс».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: