Токмок: Айлампа жолдо эки киши каза болду

Токмоктун жакынындагы айлампа жолдо эки автомашина кагышты. Кырсыкта эки адам жан берип, бирөө жабыр тартса, дагы бирөө реанимацияга жаткырылды.

Чүй облусунун кайгуул милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев Kloop.kgге кабарлагандай, кырсык 3-июль күндүзү катталган.

Анын айтымында, жол кырсыгы айдоочулардын бири машинаны башкара албай калгандыктан болгон. Кагышуудан соң экинчи автомобиль жол четиндеги арыкка түшүп кеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан Kloop.kgге автоунаада жети адам болгонун билдирди. Маалымат кызматтындагылардын айтымында, эки адам жан берип, дагы бирөө жергиликтүү оорукананын реанимациясында оор абалда жатат.

Дагы төрт кишиге жеринен биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: