ИГИЛ: Тажик күч түзүмүнүн мурдагы кызматкеринин туугандары жок кылынды

Тажикстанда атайын даярдыктагы милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Гулмурод Хакимовдун эки агасы менен эки жээни күч түзүмдөрү тарабынан жок кылынды. 2015-жылы полковник Хакимов «Ислам мамлекетине» качып кетип, ал жактан «коргоо министри болгон».

«Озоди» үналгысы билдиргендей, «ИМге» качып кеткен атайын даярдыктагы тажик күч отрядынын мурдагы башчысынын туугандары милицияга каршылык көрсөткөндөн кийин аларды атып салышкан.

Тажикстандын ички иштери министрлигинин версиясы боюнча, Халимовдун эки агасы менен эки жээни өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Алар өлкөнүн түштүгүнөн, Ооганстандын чек арасына 20 чакырым калганда кармалган.

Алардын бардык кыймылдарын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын (УККБ) кызматчылары аңдып жүрүшкөн.

«Озоди» үналгысынын маалымат булагы билдиргендей, тирешүүдө Халимовдун тууганы, Тажик УККБ башчысынын орунбасары Анвар Хусейновду бычак менен сайгандан улам жарадар болгон. Учурда ал ооруканада, абалы туруктуу.

Атайын даярдыктагы милиция отрядынын мурдагы башчысы ИИМнин жогорку академиясында окуп, Орусияда кызмат өтөп, АКШда терроризмге каршы даярдыктан өткөн.

Ал 2015-жылы Дүйшөмбүдөн изин жашырып, кийинчерээк видео тасма аркылуу «Ислам мамлекетинин» катарына кошулганын билдирген. Кыска убакыттын ичинде Халимов «ИМдин коргоо министри» болгон.

«Таймс» басылмасынын маалыматы боюнча, Мосулга абадан урулган соккудан кийин Халимовдун жок кылынганы жазылган. Бирок бул маалымат бүгүнкү күнгө чейин далилдене элек. Халимовдун жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн АКШ 3 миллион доллар сый акы жарыялаган.

Халимовдун мекенинде ага карата «өлкөгө чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, бийликтегилер Халимовдун баласы Бехруз Халимовду жаштарды Сирияга тартып, атасына кетүү аракетин көргөндүгү үчүн камакка алган. Бехруздун туугандары ал Сирияга кетүүгө аракет кылбагынын айтышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: