Ош: Автомобиль менен жүк ташыган унаа кагышып эки киши көз жумду

Кара-Суу районундагы Мады айылында оор жүк ташыган «Хово» жана «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү автоунаалар бет маңдай кагышты. Жол кырсыгынан улам эки адам көз жумду.

«Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү машина оор жүк унаасы менен 6-июль күнү эртең менен сүзүштү.

Авария учурунда жеңил машинада кыз менен бала болгон. Оор жүк ташыгыч менен болгон кагышууда жеңил машина тоголонуп кеткен.

«Заноза» басылмасынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы жеңил машинанын айдоочусу каршы жол тилкесине чыгып кеткенинен улам болгон. Бирок ИИМдин маалымат кызматы авариянын себептери такталып жатканын айтууда.

Мындан тышкары, айрым маалымат каражаттары кырсыкта патрулдук милициянын кызматкери кайтыш болгонун жазышууда, бирок ИИМден Kloop.kgге билдиришкендей, кайтыш болгондордун тек-жайы тактала элек.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жаш балдар кырсык болгон жерде жан беришкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жүк ташыган унаанын айдоочусу жабыр тарткан эмес.

Сүрөт: «Турмуш».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: