Декларация-2016: Президент, премьер-министр жана парламент спикери эмнелерге ээлик кылышат?

Мамлекеттик кадр кызматы аткаминерлердин 2016-жылдагы декларацияларын чыгарды. Президент, премьер-министр, парламент спикери жана жогорку судья эмнелерге ээлик кылышат?

Алмазбек Атамбаев

Бул жылы президент Алмазбек Атамбаевдин чыгашасы кыйла азайган. Ал 2015-жылы 1 млн 298 миң сом киреше таап, өзү топтогон акчанын 34 млн сомун короткон. Бул ирет анын чыгашаларынын суммасы кирешеден алты эсе гана ашкан.

Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурдагы жылдарга салыштырмалуу жери азайган, бирок миңдеген алма багы жана теректери пайда болгон.

Чыныбай Турсунбеков

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков 100 миң сом гана ашыкча тапкан. Калган мүлкү дээрлик өзгөргөн эмес. Анын жакын тууганы бир жыл ичинде 0,8 гектар жерди сатып алган.

Айнаш Токбаева

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева чакан гана мүлккө ээлик кылат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу декларациясында эч кандай деле өзгөрүү болгон эмес. Бир эле нерсе, Токбаеванын жакын тууганы 1 гектар жер сатып алган.


ТЕМА БОЮНЧА: