Ысык-Көл: Беш кишиден турган үй-бүлө жол кырсыгына учурап, энеси баласы менен көз жумду

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айлында беш адамдан турган үй-бүлөнү ташып бараткан машина мамыны барып сүздү. Кырсык болгон жерден баласы менен энеси дароо көз жуумп, дагы экөө ооруканага жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде машинаны башкарып бара жаткан үй-бүлөнүн атасы жабыр тартпаганын билдирди.

Анын жубайы менен баласы каза болушту, дагы 9 жана 10 жаштагы эки баласы жабык баш-сөөк жараты, мээлеринин чайкалышы жана көптөгөн дене сыйрыктары менен ооруканага жеткирилишти.

Дарыгерлер алардын абалын орточо-оор деп белгилешти.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: